Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 05.03.2018 10:15 На русском

Айыл турмушу: Кадамжайлык Азамат тоо-таштарда жүрүүчү «Багги» үлгүсүндөгү унаа жасап жатат (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 25 жаштагы тургуну Жетимиш уулу Азамат тоо-таштарда жүрүүчү «Багги» үлгүсүндөгү унаа жасап жатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1,5 айдан бери унааны жасоо менен алек.

«Мен бул унааны 5 жыл мурун эле интернеттен көрүп, кантип жасоону ойлонуп жүргөм. Быйыл колго алып, 45 күндөн бери жасап жатам. Өзүм Кадамжай шаарында Япониядан чыккан унаалардын тетиктерин сатып иштейм. Мындан тышкары унааларды оңдоп жүрөм. Азыркы унаага «Хонда Стэпвэгондун» кыймылдаткычын орноттум. Бул унаа автоматтык түрдө которулма (автомат коробка) болот. Дөңгөлөктөрү «Тойота» үлгүсүндөгү унааныкы. Сырткы көрүнүшү темир түтүктөрдөн жана профилдерден ийилип, ширетилип жасалууда. «Жигулинин» 40 литр бензин бата турган багын орноттум, жумшак руль коюлду. Учурда иштердин 60% бүтүп калды. Нооруз майрамын утурлай толук бүтүрөм деп ниет кылып жатам. Азыр боёп чыгуу, сыртын жабуу, электрондук иштери калган. Мен жасап жаткан унаа тоолорго да ыңгайлуу. Унаанын тетиктерине жана жасоого жалпы 100 миң сом акча жумшалды», - деди ал.

Уста унаасын жасап бүтсө сатпай, өзү колдоно тургандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×