Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.03.2018 14:39

Бишкек—Ош унаа жолунда кар көчкү түшүп, «Арал» жана «Сосновка» посттору жабылды

Turmush -   Бүгүн, 11-мартта саат 12:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы 225-чакырымында кар көчкү түштү. Чычкан капчыгайындагы көчкүнүн көлөмү 1200 метр кубга жетет, деп маалымдайт ӨКМ.

Адамдар жабыркаган жок. Унаа жол убактылуу жабылып, №23 жол тейлөө ишканасынан 4 унаа менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Кар көчкүгө байланыштуу «Арал» постунда саат 12:00дөн тартып жүк ташуучу жана жеңил унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Ошондой эле, Бишкек—Ош унаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү түшүп, Жайыл районундагы «Сосновка» постунда саат 13:50дөн тартып унааларга бактылуу чектөө киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×