Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 13.03.2018 09:18

Акыркы суткада өлкө аймагында 5 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 6 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 13-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектеги 6-кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирде өрт чыкты. Адамдар жаракат алган жок. Батирдин ашканасында электр плитасы күйгөн. Ага тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелердин бузулушу себеп болду.

Ошондой эле, белгисиз себеп менен Токмок шаарынын Дунларов көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыгып, полу, эшик-терезеси күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×