Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Жаш талант: Гүл жасап ишкерлик кылган Каныкей бир букетин 300 сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Сүйүнбек кызы Каныкей кагаздан гүлдүн түрүн жасап, ишкерлик кылып баштагандыгын апасы Нуржамила Мүдүнова аймактык кабарчыга айтып берди.

Каныкей мектепте алдыңкы окуучулардан болуп, сабагын жалаң «5» деген баага окуйт. Коомдук иштерге, билим берүү жаатындагы сынактарга катышып турат. Ал үй-бүлөдө 6 бир туугандын бешинчиси. Апасы Н.Мүдүнова үй кожейкеси. Атасы Бишкекте кичи автобус айдап, жүргүнчүлөрдү ташып кызмат кылат.

Ал эми Каныкей бош убактысында гофреленген кагаздан, түстүү кагаз жана кадимки эле салфеткадан гүлдөрдүн түрүн жасап, аларды сатып пайда табууда.

«Кызыма гүл жасаганды эч ким үйрөткөн жок. Өзүнүн аракети менен ишке ашырды. Интернетти деле туура жакка колдонсо болот экен. Анткени, гүл жасоону кызым интернеттен үйрөнүп алды. Дайыма жасабайт. Сабактан бошогондо жасап калат. Негизи майрамдардын алдында жасайт. Букеттерин 200-300 сомго чейин, көлөмүнө, кооздугуна жараша баалап сатат. Ал эми үлпөт тойлор үчүн гүлдестелерди 500 сомго жасайт. 8-март майрамында 1 миң сомдон ашык пайда тапты», - деди жаш ишкердин апасы.

Каныкей гүл жасоодон сырткары англис, математика сабактарын өзгөчө сүйүп окуйт жана комузда кол ойнотуп, маданий иш-чараларга үзгүлтүксүз катышып келет.

«Кызымдын дагы бир өнөрү сайма саят жана сүрөттү да абдан жакшы тартат. Андан сырткары, чач жасалгалоого дагы абдан кызыгып, интернеттен карап, өзүнүн чачын же классташ кыздарынын чачын ар түрдүү кылып өрүп берет. Келечекте дизайнер болом деп кыялданып жүрөт. Жаштын тилегин берет дегендей, келечекте сулуулук салонун же гүл жасай турчу ишканасын ачам десе жардамыбызды аябайбыз», - деди Н.Мүдүнова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1431
Көп окулду
×