Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 13.03.2018 13:31

Бакай-Атада биринчи жолу таш майдалоочу ишкана курулуп жатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында биринчи жолу таш майдалоочу ишкана курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Жамал Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, шагыл чыгаруучу ишкананын курулуш иштери 25-мартта толук аяктайт.

«Заводдун долбоору 2017-жылы 17-февралда сунушталган. Талас облусундагы айыл аймактарга жалпысынан 170 млн сом бөлүнгөн. Ошонун ичинен сынактык негизде ушул долбоорлорду кабыл алып, таш майдалоочу 7 млн 648 миң 802 сомдук заводдун долбоорун жазганбыз. Долбоор колдоо таап, бүгүнкү күндө иш жүрүп жатат. Курулуш иштери 28-декабрда бүтүш\ керек болчу. Аба ырайынын өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу 1 ай кеч бүтүп жатат. Курулушту жүргүзгөндөр 25-мартта бүтүрөбүз дешти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×