Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 13.03.2018 18:06

Жумгал районунда К.Турускулов менен Ж.Мамбеталиева «Өмүрлүү өрнөк жубайлар» наамы менен сыйланышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда үлгүлүү жубайлар сыйланышты. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, көп жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктаган Чаек айылынын тургундары Күрүчбек Турускулов менен Жыпариса Мамбеталиева «Өмүрлүү өрнөк жубайлар» наамы менен сыйланышты.

К.Турускулов 1950-жылы Жумгал районунун Байзак айылында туулган, азыркы учурда райондук сотто иш алып барат. Жубайы Ж.Мамбеталиева 1953-жылы туулган, учурда Жумгал райондук аймактык ооруканасында башкы медайым болуп иштейт.

Сыйлык ээлерине Нарын облусунун «Теңир-Тоо айымдары» конгресси тарабынан облустун «Ардактуу айымы» жана «Ардактуу аксакалы» төш белгиси тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×