Turmush - Нарын облусунун Кочкор районундагы Исакеев айылынын ичи Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жарыктандырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, Исакеев айылындагы 1981-жылы төрөлгөн жаштар айылга бара жаткан чоң жолго түнкү чырактарды орнотушуп, аны пайдаланууга беришти. Иш-чарага Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, айыл тургундары катышып, кызыл тасма кесилген. Анда жаштарга каалоо-тилектер айтылып, ыраазычылык билдирилди.