Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Ысык-Көл

Караколдо төрөттөн 31 жаштагы аял ымыркайы менен каза болду: Дарыгерлер окуя тууралуу айтып беришти

Turmush -  Каракол шаардык төрөт үйүнөн операция жолу менен төрөгөн 31 жаштагы аял ымыркайы менен каза болгондугу боюнча түшүндүрмө беришти.

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн маалымдашкандай, 2017-жылдын 20-декабрында саат 17:45 чамасында М.Тапаева төрөт бөлүмүнө келип түшкөн. Бейтап бели ооруп жаткандыгын айткан. Аны дарыгерлер карагандан кийин аялды кош бойлуулардын патология бөлүмүнө жаткырышкан. Бирок, ага чейин дарыгерлер эмне үчүн ал эртерээк ооруканага кайрылбагандыгын сурашкан.

«Ал бир күн бою жолдошу менен унаа менен тамак-аш сатып жүргөнүн билдирген. Үйгө келип, даярданып ооруканага келгичекти кеч болуп кеткен. Ошондой эле, биз анализ үчүн анын заарасын албай калганбыз, анткени аял заара чыгара албай калган. Бейтап ооруканага келгенге чейин 3 күн даараткана бара албай калгандыгын айткан. Аны биз патология бөлүмүнө жаткырып, баардык дары-дармектерди жазып, көзөмөлгө алганбыз. Бир аз убакыттан кийин ал кансырап баштады. Дарыгерлердин ыкчам консилиумун түзүп, анын жана баланын өмүрүн сактап калуу максатында ага операция жасоону чечтик», - деп билдиришти төрөт бөлүмүнүн дарыгерлери.

Саат 20:21да дарыгерлер дагы бир жолу М.Тапаевага кароо жүргүзүшкөндө эненин курсагындагы баланын жүрөгү мүнөтүнө 80 жолудан согуп жаткандыгын (нормалдуу сокку 120дан 160ка чейин) аныкташкан.

«Операцияга дарыгерлер — Калия Сатиева, Рыскан Алдашева, Батыш Сүйүнбаева жана 1 дарыгер- реаниматолог кирген. Операция 1 саат 30 мүнөткө созулуп, анын жүрүшүндө ал 2 литр кан жоготту. Бирок биз анын ордун толтуруп, бейтапка плазма, кан, кристаллоид куйдук. Операция учурунда 50 мл заара болгон. Аны анализге жөнөтүп, жыйынтыгында М.Тапаеванын заарасында белок жогорку нормада экени аныкталды. Опреациядан чыгаарда жандандыруу бөлмүнүн жетекчисин жана экинчи реаниматологду чакырып, анын ден соолугун көзөмөлдөдүк», - деп билдиришти дарыгерлер.

Аялдын ымыркайын кан токтобогондуктан сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Дарыгерлер М.Тапаеванын жатынын алып салууга мажбур болушкан. Операциядан кийин экинчи күнү бейтаптан заара аз бөлүнүп чыгып, дарыгерлер бардык чараларды көрүшкөн.

«Биз бейтаптын организми заараны жетиштүү деңээлде бөлүп чыгарышы үчүн бардык аракеттерди көрдүк. Ал алгач өз алдынча басып, тамактанып жаткан. Анын абалы туруктуу болчу. Үчүнчү күнү бейтапты дарыгер-реаниматологдун коштоосунда Бишкекке жөнөтүүнү чечтик. Ал Бишкекке кеткенге чейин 300 мл заара чыгарып калган», - дешти дарыгерлер.

Ошондой эле алар операция аялдын ден соолугунун абалына жараша болгонун кошумчалашты.

«М.Тапаеванын күйөөсү 20-декабрда эртең менен алып келсе, төрөт үйүндө дарыгерлер жок болгонун айтып жатат. Мындай болушу мүмкүн эмес. Ошол күнү ооруканада реаниматологдор, дарыгерлер, акушер-гинекологдор жана медайымдар бар болчу. Нөөмөттөгү бардык кызматкерлер иш ордунда болгон. Ал ошондой эле аялын эртең менен алып келгенде оорукана суук болгонун айтты. Бизде бейтаптын оору баяны электрондук системага түшүрүлөт. Ал жерде бейтап эртең менен эмес 17:45те түшкөнү жазылып турат. Бейтапты кабыл алууда жана операция учурунда эч кандай катачылык кеткен эмес. Биз ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн болгон күчүбүздү жумшадык. Бейтаптын күйөөсү анын аялын операцияга ал жок учурда чакырганыбызга нааразы болуп жатат. Бирок мындай учурларда ар бир мүнөт баалуу», - деп билдиришти Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлери.

Буга чейин АКИpress агенттигине Каракол шаарынын тургуну Нурбек Касымбаев анын аялы — Марина Тапаева операция жолу менен төрөгөндөн кийин ымыркайы менен каза болуп калгандыгын билдирген.

Анын айтымында, ал 20-декабрда 31 жаштагы аялы Марина Тапаеваны Каракол шаардык төрөт үйүнө алып келген.

«Эртең менен биз келгенде дарыгер жок болчу. Аялымды дароо жаткырышты. Мен анын жанында болдум, палата суук болгондуктан жууркан жана жылуу кийим алып келүүгө үйгө кеткем», - деди Н.Касымбаев.

Болжол менен саат 11:00дө ал ооруканага кайтып келгенде аялын кайра жандандыруу бөлүмүнөн тапкан.

«Мен үйгө барып келгичекти дарыгерлер уруксаты жок аялыма операция жасашыптыр. Аны капельницага жаткырып коюшкан экен. Дарыгерлер бала чарчап калганын айтышты. Аялым реанимацияда 2 күн жатып, башкы дарыгер эч жардам бере албай турганын айтып, Бишкек шаарына жөнөттү», - деди жолдошу.

22-декабрда тез жардам унаасы менен аны Караколдон Бишкектеги Улуттук госпиталга алып келишкен.

«Аялым реанимацияда 41 күн жаткандан кийин каза болуп калды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон, бирок операция кылган акушер азыркы кезге чейин патология бөлүмүндө иштеп жатат. Дарыгерлер аялымдын эки бөйрөгү төрөт учурунда иштебей калгандыктан операция кылышканын айтышты. Аялым кош бойлуу учурунда дайыма дарыгерлерге көрүнүп турчу, бөйрөктөрү ооруган эмес», - деди Н.Касымбаев.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен учурда аял менен ымыркайдын өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча республикалык деңгээлде текшерүү жүрүп жатканын билдиришти.

«Баардык документтер анализделип, республикалык масштабда каралып жатат. Биз тараптан бул факт иликтенет: кайсыл этапта ката кеткени, эне менен ымыркайдын өлүмүнө эмне себеп болгону изилденет», - деп билдирди өлкөнүн башкы гинекологу Раиса Асылбашева.

Марина Тапаеванын 3 баласы калды. Алардын улуусу 10 жашта болсо, эң кичүүсү 3 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2185
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 13 адам окуп жатат)
13:02,   25.04.2018   ( 9 адам окуп жатат)
×