
Turmush - Баткен шаарында жана Баткен районунда 35 миң бодо мал бар. Бул тууралуу Баткен райондук ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Нармат Масеитов билдирди.
Маалыматка караганда, учурда малды жайыттарга жөнөтүү жана эмдөө иштери жүрүп жатат. Жайлоого идентификациядан өткөн мал гана жөнөтүлөт. Учурда малдын миграциясы да көп болууда. Себеби Баткен району кошуна Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкендиктен күн сайын башка жактан мал келип жатат. Мындай малды текшерүүдөн өткөрүү керек. Антпесе ар кандай ооруларды алып келиши мүмкүн.