Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Чүй

Москва районунда 3 жаш баланы унаасы менен сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды

Turmush -  Москва районунун аймагында 3 жаш баланы унаасы менен сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу көп узабай кармалды. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, окуя 12-апрелде саат 16:50 чамасында болгон.

Жабырлануучулар — 4 жаштагы, 6 жана 7 жаштагы балдар аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Жол кырсык Москва РИИБдин каттоосуна алынып, качып кеткен айдоочу көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. 64 жаштагы шектүү кылмышын мойнуна алып, тиешелүү берене менен козголгон кылмыш ишти тергөө иштери улантылып жатат.

Окуя болгон түнү райондун акими А.Эсенбеков ооруканага барып, жабырлануучу балдардын абалынан кабар алды. Ал аймактык оорукананын башкы дарыгерине жабыркаган балдарды акысыз дарылап, жеке көзөмөлгө алууну тапшырган. Ошондой эле жол кырсыктан жаракат алган 3 баланын дарылануусу үчүн акимдин резервдик фондунан 10 миң сомдон акча каражаты берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 822
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 10 адам окуп жатат)
×