Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Талас облусу, Талас 16.04.2018 17:53

Айыл турмушу: Ысык-Көлдөн Таласка келип жашаган Карачач апанын уулу швейцариялык банкта иштеп жатат (фото)

Turmush -  Ысык-көлдүк 62 жаштагы Тажиева Карачач апа 38 жылдан бери Талас шаарында жашап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

ӨЗүнүн айтымында, жолдошу Саруубек Тажиев экөө 1977-жылы баш кошуп, 1980-жылы Таласка көчүп келишкен.

«Мен Ысык-Көл районунун азыркы Кара-Ой айылында төрөлгөм. Жолдошум Ысык-Көлдүн түштүк тарабынан болсо, мен түндүк тарабынан болчумун. Фрунзедеги Политехникалык институттун инженер-технолог адистигин аяктадым. Кийин Ысык-Көлгө эле кийин келин болдум.

Мурун СССР убагында кадрларды аймактарга иштегенге жиберишчү. Жолдошумду иши боюнча Таласка жибергенден улам Таласка келгенбиз. Экөөбүз 1977-жылы баш кошуп, Таласка 1980-жылы көчүп келдик. Саруубек Таластагы сыр заводдо башкы инженер болуп иштеди. Мен болсо Көк-Ой айылындагы потребсоюзда ревизор болуп иштеп, бир нече убакыттан кийин бизди Кировка айылына которулуп иштедим. Жолдошум Кировкадагы сыр заводдо да жетекчи болуп иштеп калды. Мен наабатканада иштеп калдым. Биринчи лабораторияда, кийин технолог болуп иштедим. Кийин жетекчи болуп да эмгектендим.

Чынын айтсам азыр таластык эле болуп калдым. Талас көбүрөөк жагат. Таластыктар абдан ак көңүл, берешен болушат. Таласты бир көрүп эле жактыргам. Ысык-Көлгө барганда кээде «биз таластыктар» десем төркүндөрүм, кайындарым таң калып, «сиз таластыксызбы?» деп чычалашат.
Биз Таласта көп жылдан бери жашап, эмгегибиз да сиңип калды. Жолдошум экөөбүз 39 жыл чогуу жашадык. Жолдошум балдарыбыздын 3 небересин көрдү. Бирок тилекке каршы инсульттан улам көз жумду», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жолдошу экөө бир тайпада окушкандыгын кошумчалады.

«Жолдошум экөөбүз бир тайпада окуп, студенттик күндөрдү бирге өткөрдүк. Мурун бойдок кезибизде балдарга көп сырыбызды билдирбей, өзүбүздү туура алып жүрүш керек деген принцип менен жүрчүбүз. Өзүбүзгө жигиттерди жакшы көрүп калсак дагы эч качан билдирбешибиз керек деген каттуу талаптарды койчубуз. Балдар сыйлап, сүйлөшкүлөрү келсе дагы биз алар менен берилип сүйлөшчү эмеспиз. Азыркы жаштардын ачык элге көрсөтүп сүйлөшкөнүн бир чети туура эмес деп ойлойм. Аларды көрүп таң калып да кетем. Анткени биздин убакта өзүңдү кандай катуу алып жүрсөң балдар ошончолук сыйлачу.

Мен чоң энемдин колунда өстүм. Чоң энем мага дайыма «башың ылдый карап туруш керек, иштерман болушуң керек, көп сүйлөбөшүң керек» деген накыл сөздөрүн айтчу. Кийин бир топ жылдардан кийин бир аз ачыла баштадык (күлүп). Кайын атам дагы абдан катуу адам болду, алыстан карап эле барын байкап турчу. Кайын атамдын кулк-мүнөзүн сыйлап, ошол эле учурда өзүмө ушундай мүнөзү бар адамдар жакчу.

Жолдошум Украинага практикага кеткенде кайындарым, төркүндөрүм Ысык-Көлгө алып кетишти. Анткени ата-энелерибиз бизди катуу кармашчу. 2 баламды тең Ысык-Көлдө төрөдүм. Бир жолкусунда жолдошум практикага, экинчисинде аскерге кеткен болчу. Үчүнчү балабыз Таласта эле төрөлдү», - деди ал.

Карачач апанын 3 уулу тең үй-бүлөлүү болушкан.

«Азыр балдарымдын баары үйлөнүшкөн. Биринчи келин алабыз дегенде аябай даярданып, эмне кыларыбызды билбей шашкалактаган күндөр болду. Уулу балам Шердин жубайы Фариданы Ак-Талаадан алдык. Жакшылык болуп жаткандан кийин мындай нерсе башыңдан өтпөсө бир сыйра толкунданасың. Кийинкилеринде токтоо болуп калганбыз (күлүп). Улуу баламдын үйлөнгөндө Бишкектен тамын даярдап анан кийин киргиздик.

Экинчи балам Эрктин жубайын шаардын өзүнөн алдык. Үчүнчү балам Чынгыздын жубайын Кара-Балтадан алдык. Барына тең шарт түзүп бердик. Үй-жайдан кыйналышкан жок. Балдарым кеч үйлөнүштү. Алар бизди эмес, биз аларды шаштырып калганда үйлөнүп баштаган. Келиндеримди кыздарым дейм. Өзүмдүн кызым болбогондон кийин аларды кызымдай күтөм, кызымдай карайм, кызымдай урушам (күлүп).

Жолдошум экөөбүз 3 балабызды тең жогорку билимдүү кылууга бүт күч-аракетибизди жумшадык. Балдарыбыз ага жараша аз да болсо ийгиликтерди багынтууда. Биринчи балам Шер азыркы учурда швейцардык банкта эмгектенет. Экинчи балам Эрк облустук милициянын финансы тармагын жетектеп иштейт. Таласта сиңдим бар. Бир туугандарым, балдарым жай айларында келип турушат. Азыркы учурда 9 неберем бар», - деди Карачач апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×