Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Талас облусу, Талас 16.04.2018 11:25

Таласта ооганчы ардагерлердин имараты оңдолду

Turmush -  Талас шаарындагы Ооган согушунун ардагерлеринин имараты толугу менен оңдолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ардагерлердин айтымында, оңдоп-түздөө иштерине 300 миң сом атайын фонд тарабынан бөлүнүп, 50 миң сому өздүк салым болгон. Ооган согушуна Талас облусунан 500дөн ашык адам катышкан. Анын алтоосу ошол жактан каза болгон. Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча 155 ардагер бар. Алар дарылануудан өтүп, айына 6 миң сомдон жөлөк пул алып турушат.

Иш-чарада материалдык жардам көрсөткөндүгү үчүн жергиликтүү чиновниктерге 2-даражадагы «Мекенге кызматы үчүн» ордени менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×