Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Чүй

Сокулуктагы эки көчөдө жер алдынан чыккан суулар тазаланды (видео, фото)

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Сокулук айылындагы Достук менен Интернационал көчөсү жер алдынан чыккан суудан тазаланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Асылбек Адылбеков билдирди.

«Тээ союз маалынан бери ушул көчөлөр каралбай келген. Бул суу жаз келери менен көтөрүлүп, көчөлөрдү, короолорду каптап калат. Анын кесепетинен үйлөрдөн жарака кете баштаган.

Буга чейин жергиликтүү тургундар жергиликтүү бийликке кайрылып, бирок иш башталгыча жай келип, суу тарап кетчү. Ошону менен иш токтоп калчу экен. Бирок, ал кайра эмки жазында боло турчу көйгөй болчу да. Биз быйыл элдин көйгөйүн карап чыгып, Достук жана Интернационал көчөлөрүн тазалап, дренаждарды оӊдоо иштерин өткөрдүк. Аталган эки көчөнү 15 күндүн ичинде бүтүрүп, 80 миӊ сомго Достук көчөсүндөгү 506 метр дренаж, 118 миӊ сомго Интернационал көчөсүндөгү 750 метр дренаж тазаланды» - деди ал.

Достук көчөсүндө 55 үй-бүлө жашаса, Интернационал көчөсүндө 42 үй-бүлө жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 399
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 12 адам окуп жатат)
×