Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуНарын району 16.04.2018 12:26

Союздан калган эки темир керебет: Лахолдогу ооруканада аппараттар жана тиш дарыгери жетишпейт (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүнө караштуу Лахол айылындагы Кыдык Жантелиев атындагы №6 үй-бүлөлүк медицина борбору 2 койка менен иш алып барат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, союз мезгилинен калган 2 темир керебет бейтаптардын дарылануусуна кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары ооруканада рентген, УЗИ аппараттары жана тиш доктурлар жетишпегендиктен айылдыктар жүздөгөн чакырым алыстыкты басып өтүп, облус борборуна барып дарыланып келишет.

«Биз Лахол айылынын тургундары чынында медицина жактан жаңы аппараттардын жетишсиздигинен кыйналып келебиз. Айылдан Нарын шаарына чейинки 130 чакырым алыстыктан барып, аппараттарга түшүүгө эле 1000 сом төлөйбүз. Андан тышкары, жол акыга да ушундай эле өлчөмдөгү акча сарпталып жатат. Бизде медициналык шаймандардын жетишсиздиги, тиш дарыгеринин жоктугу эң чоң негизги көйгөй болуп саналат. Борбордо түзүлгөн шарттар деле чеке жылытпайт», - деп билдиришти айыл тургундары.

Ал эми Быдык Жантелиев атындагы №6 үй-бүлөлүк медицина борбору капиталдык ремонттон өтүп, өткөн жылдын башында калк кызматына коюлган. Учурда 1 дарыгер, 1 фельдшер, 1 медайым жана лаборант, санитар менен кароолчу болуп жалпы 10 кызматкер эмгектенишет. Алар айылдагы 200гө жакын түтүн элге медициналык тейлөөнү үзгүлтүккө учуратышпай кызмат көрсөтүп келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×