Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Ак-Талаада айыл чарба техникаларынын даярдыгы текшерилди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы кароодон өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 10-апрель күнүнөн тарта 12-апрелге чейин райондук жана облустук комиссия айыл аймактарды кыдырып, андагы айыл чарба техникаларынын жазгы-айдап себүү иштерине карата даярдыктары менен таанышты.

Райондук айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын берген маалыматына таянсак, бүгүнкү учурда район боюнча жалпы 206 трактор, 86 соко, 25 дан сепкич, 223 тырмоо, 113 чиркегич даяр. Бирок, айыл чарба техникаларынын дээрлик көпчүлүгү союздан калган, эскилиги жеткен техникалар.

Ошондой эле, техникалардын даярдыгын текшерүү менен бирге эле күйүүчү май, үрөн жана жер семирткичтер боюнча, алардын сатыкка болгон баасы туурасында дыйкандарга түшүндүрмө берилди.

Техникалардын даярдыгы боюнча 1-орунду Жерге-Тал айыл өкмөтү ээлеп 5 миң сом, 2-орунду Үгүт айыл өкмөтү камсыздап 3 миң сом жана 3-орунду Ак-Кыя айыл өкмөтү камсыздап 1 миң сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

2018-жылы 3900 гектар аянтка дан эгиндери айдалары болжолдонууда. Мунун ичинен 1760 гектарына буудай, 2115 гектарына арпа жана 25 гектарына сулуу эгилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 601
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 16 адам окуп жатат)
×