Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуКочкор району 16.04.2018 17:12

Кочкордо бодо малды тиштеп өлтүргөн түлкүнү уйлар сүзүп жок кылышты

Turmush -  Кочкор районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургунунун короосуна секирген түлкү уйлардын бирин тиштеп жиберген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган тургун өзү билдирди.

Анын айтымында, уйлар короого секирип, бодо малды тиштеген түлкүнү сүзүп өлтүрүшкөн.

«Мал догдурлар келгиче түлкү тиштеген уй өлүп калды», - деди ал.

Райондук ветеринардык бөлүмдүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, анализин алышканда түлкүдөн кутурма дартынын аныктамасы чыккан. Азыркы күндө фермердин жана анын коңшуларынын бардык мал-жандыктары текшерилди. Бирок кутурма дарты аныкталган жок. Азыркы учурда уй, кой-эчкилер, жылкылар эмдөөдөн өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×