Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Ош
11:09  26.04.2018

Подполковниктин өлүмү: Маркум Т.Уларовдун жакындары президентке кайрылуу жолдоду (видео)

Turmush -  Ош шаарында киши колдуу болуп көз жумган подполковник Таирбек Уларовдун жакындары АКИpress-Ошто маалымат жыйын өткөрүп, президентке кайрылуу жолдошту. Алар маркумдун өлүмүнө шектелип кармалгандарга сот акыйкат чечим чыгарбаганын белгилешти.

Т.Уларовдун бир тууган эжеси Зулфия Уларова айыпталуучулар өздөрүн актоого аракет кылып жатканын айтты. «Биздин инибизди өлтүргөн адамдар актанууга аракет кылып жатат. Ош шаардык соту кылмышкерлерди 17 жылга эркинен ажыратты. Инибизди өлтүргөн адамдар милиция бизди ур-токмокко алды деп прокуратурага арызданган. Прокуратура милициялардын үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Адам өлтүргөн жарандар азыр жоопкерчиликтен качуу аракетин көрүп жатат. Башкы прокуратуранын кызматкерлери дагы алардын талабын талашып, ар кандай ыкмаларды колдонууда. Биз акыйкат чечим издеп президентке кайрылып жатабыз. Күнөлүү адамдар өмүр бою эркинен ажыратылышы керек»,- деди ал.

Маркумдун жубайы Нургүл Миңбаева укук коргоо органдарын кылмышкерлерди актабоого чакырды. «Башкы прокуратуранын кыйноолорго карыш бөлүмүнүн кызматкери Ражаповтордун тарабын талашып, колдон келишинче актоо аракетин көрүп жатат. Укук коргоо органдары акыйкат иш алып барсын», - деди Н.Миңбаева.

Ош шаардык соту ушул жылдын 20-мартында Т.Уларовдун өлүмү боюнча өкүм чыгарган. Анда айыпталуучулардын бири 23 жылга, экинчиси 7 жылга эркинен ажыратылган эле. Сот өкүмү чыккандан кийин шаардык соттун имаратынын алдына 30дай адам чогулуп, нааразычылык билдиришкен болчу.

Окуя тууралуу:

Подполковниктин жансыз денеси 2017-жылдын 23-мартында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө жолдун боюнда токтоп турган көк түстөгү «Митсубиси» үлгүсүндөгү унаанын ичинен табылган болчу. Ал ИИМдин мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын тескөөчү-коменданты, милициянын подполковниги Т.Уларов (1973-жылы туулган) экени аныкталган.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал башына урулган оор соккудан улам каза болгон. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу.

Маркум 21-март күнү үйүнѳн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1064
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 9 адам окуп жатат)
×