Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 16.04.2018 17:27

Караколдо 8 мектептин окуучуларына ысык тамак бериле баштайт (фото)

Turmush -  Каракол шаарында быйыл 8 мектепке ысык тамак берүү системасы киргизилет. Бул тууралуу Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди.

Анын айтымында, учурда 5 мектепте оңдоо иштери жүрүп жатат.

«Ашканаларды капиталдык оңдоодон өткөрүп, ысык тамак берүүгө ылайыктоого жергиликтүү бюджеттен 3 млн сомдон ашык, ал эми Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 500 миң сом каралды. Учурда №9 мектебинде оңдоо иштери бүтүп, ашканага керектүү шаймандар келгени жатат», - деди вице-мэр.

№9 мектептин директору Алмаз Эсенамановдун айтымында, ашканага керектүү шаймандар алынат.

«Биздин мектепке жергиликтүү бюджеттен 392 миң сом каралып, толук капиталдык оңдоодон өттү. Ысык тамак менен 335 окуучу камсыз болот. Ал эми идиш аяк, керектүү шаймандар долбоор аркылуу 771 миң сомго алынат. Бул каражаттын 30%ы жергиликтүү бюджеттен берилип, тендер жарыяланып, аны «Мега гранд» фирмасы жеңип алды», - дейт А.Эсенаманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×