Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ысык-Көл

Караколдуктар электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшүнө каршы чыгышты (фото)

Turmush -  Каракол шаардык кеңешинде электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү боюнча жыйын болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага шаардык кеңештин депутаттары, коомчулуктун өкүлдөрү, энергетиктер, аймак башчылары катышууда. Анда шаардыктар электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшүнө каршы экенин айтып, атайы комиссия түзүп, электр энергиясынын сапатын текшерип, өкмөткө сунуш жиберүү керектигин айтышты.

Шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Абдубалиев электр энергиясын колдонгон ар бир жаран келишим түзүп, акча төлөп жаткандан кийин талап кылганга акылуу экенин айтты.

«Биз электр энергияга болгон баанын көтөрүлүшүнө каршыбыз. Ошондуктан атайы комиссия уюштуруп атабыз. Анын негизинде чыңалууну, берилип жаткан энергиянын сапатын текшерип, жогору жакка сунуш беребиз. Бул акция башка жерлерде да уланат», - дейт ал.

Ал эми коомчулуктун өкүлдөрү электр энергияга болгон тарифти ар бир аймакка ылайыктоо еректигин айтышты.

«Кышкысын бизге 150-145 киловаттан жогору сапатта электр энергиясы берилбейт. 700 киловат социалдык тариф берилди деген менен 690 болгондо гана өчүрүп салат. Кышында сапаты эң начар. Анан эмнеге тарифтер кайра көтөрүлөт. Азыр 2 сом 60 тыйын болду. Эмне себептен көтөрүлгөнүн билгибиз келет», - дейт активист Атыр Сарыбаева.

Ошондой эле, тургундар электр энергиясындагы ортомчу компанияларды жоюу керектигин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 300
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×