Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуКара-Буура району 01.08.2018 10:00 Жаңыланды: 22.04.2019 19:45

Айыл турмушу: Кара-бууралык Ж.Сүйүнбеков тарткан сүрөттөр Кытай, Европага чейин сатылат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 28 жаштагы тургуну Жаныбек Сүйүнбеков 5 жылдан бери сүрөтчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы сүрөтчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2013-жылы Көркөм сүрөт академиясын аяктаган.

«Биз үй-бүлөбүз менен сүрөт дүйнөсүнө жакынбыз. Атам сүрөттү жакшы тартат, бирок бул жаатта билим албай калган. Менден улуу 2 акем да сүрөтчү. Азыркы учурда ортончу акем экөөбүз сүрөт тартып, чоң көргөзмөлөргө катышып келебиз. Өзүм 2013-жылдан тартып эркин сүрөтчү болуп эмгектенип келем. Алгач 2014-жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата жеке көргөзмөмдү алып чыктым. Андан бери дагы көп деген көргөзмөлөргө катыштым. Чет өлкөдөн чакыруулар келет. Ошол жактарга барып, сынактарга катышып келем. Быйыл Украинанын сүрөтчүсү Владимир Козюк дүйнөлүк деңгээлдеги сынак уюштурган. Ага жалпы 18 сүрөтчү катышып, мен 1-орунга ээ болуп кайттым. Шарты боюнча 7 күндүн ичинде 60*80 өлчөмүндөгү 5 сүрөт тартып бүтүрүү керек болчу. Мен 1-орунду алам деп ойлогон эмесмин. Жыйынтыгында көрүүчүлөр, калыстар менин эмгегимди баалап, күтүүсүз белек кылышты. Ар бир өлкөдөн келген сүрөтчүлөр менен тажрыйба алмашып, жакшы достордон болдук десем да жаңылышпайм. Көп нерсени үйрөндүм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле көбүнчө жаратылышты тартарын белгиледи.

«Тарткан сүрөттөрүмдүн көпчүлүк бөлүгүн жаратылыш ээлейт. Сүрөт тартуу учурунда жалгыз иштейм. Жанымда ашыкча алам болбошу керек. Тынч жана бир калыпта отуруп алып тартсам өзүмө жеңил болот. Бир сүрөттү болжол менен 1 аптанын ичинде тартып бүтөм. Эмгегимди 100 доллардан өйдө сатам. Кытай, Түркия, Россия, Казакстандан келип сатып кетишет. Сүрөт тартуу жан дүйнөмө сиңип калган. Колум иштемейинче тынч отура албайм.

Бир күнү акем экөөбүз талаада этюд жазып жүргөндө унаабыз ылайга тыгылып калып, анын үстүнө жаан жаап, суу болуп, аябай кыйналганбыз. Ошондо да барын токтотуп, сүрөт тартып отуруп алган кезди эстеп күлүп калам. Унаа жүрө албай калса дагы сүрөт тартып жүрө берген элек (күлүп ).

Сүрөтчүлөр көп сүйлөбөйт деп коёт эмеспи. Мүнөзүм тынч, бир калыпта жүрө берем. Мага сүрөт тартып отурсам ошол жетиштүү болот. Иш үстүндө көп отурсам ошончолук жан дүйнөм тынч болот. Акем айылдагы мектепте сүрөтчү болуп эмгектенет. Мен болсо убагында атам ала албаган билимди алып, атамдын жолун жолдоп келе жатам», - деди ал.

Сүрөтчү жубайы экөө 2 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×