Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.10.2018 09:48 Жаңыланды: 26.10.2018 15:31 На русском

Үй-бүлөсү менен Америкадагы чоң компанияларда эмгектенген К.Саткеев: Чоң жана кооз шаарда жашасам да, мага бир нерсе жетишпейт…

Turmush -  Мындан 6 жыл мурун үй-бүлөсү менен бирге Америкага сапар алган 58 жаштагы Камит Саткеев Вашингтондун түндүк-батышында жайгашкан Сиэтл шаарында жашайт. Ал интернет тейлөө боюнча кошмо штаттагы эң ири делген компанияда эмгектенип жатканын аны менен таанышкан Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Ошондой эле анын кыздары белгилүү «Google» , «T-Mobile» компанияларында эмгектенишет.

«Мен азыркы учурда Вашингтондун түндүк-батышындагы Сиэтл шаарында жашайм. Лотерея (грин-карта) утуп алып, 2012-жылы үй-бүлөм менен убактылуу көчүп келгем. Бул жакка келгенден кийин Кыргызстанга кайра кетким келип жүрдү. Өзүмө-өзүм суроо берип, “мен бул жакта эмне кылып жүрөм?” деп бардык нерсе чочун көрүнүп, эки-үч күндө кайра кетчүдөй сезилчү. Жыл өткөн сайын көнөт экенсиң. Азыр бул жактагы кыргыз мекендештер менен майрамдарда жолугушуп турабыз», - деди К.Саткеев.

К.Саткеев 2012-жылы «Бейшенбектин беш кызы», «Невестка с серпом» аталышындагы китептерин жарыкка чыгарган. Кийинчерээк кыргыздардын тарыхын, кулк-мүнөзүн, каада-салтын, адаттарын чагылдырган китеп жазууну ойлонгон. Ал планы ишке ашып, кыргыз эли тууралуу китеби ушул жылдын сентябрь айында сатыкка чыкты.

«Китепти Америкага келгенден кийин жазып баштадым. Азыр чоң жана кооз шаарда жашап жатсам да, мага бир нерсе жетишпей жаткансыйт. Бул — мендеги Кыргызстанга болгон кусалык. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, Кыргызстанымдын тоолору, суусу, наны, тузу баары бир башкача экен.

Мекениме болгон сагынычтан улам эргүү келип, “Кыргызым” аталышындагы китеп жаздым. Бул китепти жазып баштаганда биздин башка элден айырмабыз, маданиятыбыз, каада-салтыбыз жөнүндө жана башка суроолорго жооп издедим. Мени кубандырганы, китеп жарыкка чыкканда Канада, Италия, Москва, Якутск жана башка жактарга тарап, сатылып кетти. Камит Савай — бул менин каймана атым, ал эми толук аты-жөнүм — Саткеев Камит Төлөнбаевич. Савай деген туулган жеримдин аты (Кара-Суу районундагы Савай айылы)», - деди К.Саткеев.

Мекендешибиз Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинде да эмгектенген.

«Кыргызстанда бир топ жумуштарда иштеп жүрдүм. Киев политехникалык институтун бүтүргөм. Электр эсептөөчү машина (ЭВМ) боюнча иштеп, Киев политехникалык институтунда аспирантурада окуп, техника илимдеринин кандидаты болгом. Көп жылдар бою билим, энергетика тармагында иштедим. Ошондой эле Мамлекеттик инвестиция комитетинде, Энергетика жана өнөр жай министрлигинде иштеп, жана Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде да иштегем. АКШга кеткиче Кара-Көл шаарында “Нарынгидроэнергокурулушта” кыска убакыт иштеп калдым. Азыркы учурда интернет тейлөө боюнча АКШдагы эң ири компанияда эмгектенем.

Байбичем Ысык-Көлдүн кызы. Улуу кызым “Google” компаниясында, экинчи кызым да белгилүү “T-Mobile” компаниясында IT жаатында иштешет. Уулум колледжде студент», - деди мекендешибиз.

Учурда жазуучу «Америка бир кыргыздын көзү менен» аталышындагы китебин жазып жатат. Америкадан Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча да иштесем деген оюн билдирди.

«Балдарым окуусун аяктап, бутка туруп алышканда Кыргызстанга кайтып барам деген оюм бар», - деди К.Саткеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×