Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 05.12.2018 12:23 На русском

Оштогу сот аткаруучулар мыйзамсыз контейнер орноткон соодагер аялды таба албай убара

Turmush -  Ош шаарындагы С.Касымбеков көчөсүндө (болжол менен «Кудайберди» унаа тетиктер базарынын кире бериши) мыйзамсыз соода күркөсү орнотулган. Анын кесепетинен мыйзамдуу соода күркөсү тосулуп калып, соода болбой калганын айткан Равшанбек Алимжановдун арызы Жогорку сотко чейин жетти.

Бирок бир жыл мурун анын пайдасына чечим чыкканы менен абал өзгөрө элек.

«1 жыл мурун Касымбеков көчөсүндөгү менин соода күркөмдүн алдына соодагер айым контейнерлерди коюп тосуп алды. Мындан улам мен Ош шаардык экотехинспекциясына кайрылгам. Алар бул ишти Ош шаардык сотуна өткөргөн. Андан кийин бул иш Жогорку сотко чейин жетип, анда да соодагер аялдын контейнерлери мыйзамсыз орнотулганы аныкталып, алынсын деген чечим чыгарылган. Эми иш сот аткаруучуларда калды. Бирок алар аткарбай жатат», - деди Алимжанов.

Бул иш боюнча Жогорку сот тарабынан К.Т. аттуу жаранга (аял киши) мыйзамсыз контейнерлер алынсын жана мамлекетке 10 миң сом айып пул төлөнсүн деген чечим чыкканы маалым болду.

Ал эми Мамэкотехинспекциянын Ош аймактар аралык башкармалыгынын ага инспектору Залкарбек Азимов: «Биз арыздын негизинде контейнердин ээси менен сүйлөшкөнүбүздө чынында эле контейнерлерди орнотууга уруксат кагазы жок болуп чыкты. Ага убакыт берип, бирок уруксат кагазын албагандыктан ишти Ош шаардык сотуна өткөргөнбүз. Шаардык сот "мыйзамсыз контейнерлер алынсын, мамлекетке 10 миң сом айып пул төлөнсүн" деген чечим чыгарган. Андан кийин иш облустук сотто каралып, ал дагы Ош шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жогорку сот дагы шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Эми сот аткаруучулар иштеши керек», - деп кошумчалады.

Соттун чечимин аткаруу кызматынын өкүлү Таалайбек Тойчубеков болсо соодагерди таба албаганын айтууда.

«Биз Экотехинспекция көрсөткөн дарекке барып, соодагер айымды таба алган жокпуз. Анткени биз жарлыкты соодагерге тааныштырбай, анын контейнерлерин ала албайбыз. Эгер аны таба албасак ишти кайра шаардык экотехинспекциясына өткөрүп беребиз», - деди Тойчубеков.

Ал эми айыпталып жаткан соодагер менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×