Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.12.2018 13:03

Кара-Көлдө жыл башынан бери кургак учук менен ооруган 15 жаран катталды

Turmush -  Кара-Көл шаарында ушул жылдын 9 айында кургак учук менен ооруган 15 жаран катталган. Бул тууралуу шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директору Абдулбаки Ырысбеков билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 10 киши (5 аял, 5 эркек) биринчи жолу катталууда.

«Учурда эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кургак учук менен ооруганын билбей, башка адамдарга жуктуруп жүргөндөр бар экен. Кургак учук оорусун аныктоочу флюорографиялык аппараты жетиштүү эмес. Мисалы, алыскы райондордо жок. Мындан улам атайын дарыгерлеринен турган топ мобилдүү клиника менен аймактарга барып, жашоочуларды текшерип жатышат. Ошондуктан кургак учук менен ооруган адамдар аныкталып, былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк болду», - деди ал.

Анын айтымында, кургак учук оорусунун ачык жана жабык түрлөрү бар. Эгер аны өз убагында дарыласа, кургак учук менен ооругандардын саны азаят.

«Бейтаптар өз убагында кайрылып, дарыланса айыгып кетет. Быйыл бизге жергиликтүү казынадан 90 миң сом бөлүнүп берилди. Кургак учук менен ооруган бейтаптарга батирлер да берилүүдө. 90 миң сомдун ичинен бейтаптардын 6 айда бир текшерүүдөн өтүшүнө дагы жумшалууда.

Мурда жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү кургак учук менен оорушса, кийинки кезде жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөрдөгү кишилер да ооруп калууда. Мурда бул оору боюнча элдин түшүнүгү аз болсо, азыр жөтөлүшсө дароо текшерүүдөн өтүп жатышат.

Бизде «Жин Эксперт» деген атайын аппарат бар. Ага какырыкты туура тапшырса, анда кургак учуктун таякчасы бар же жогун аныктоого болот. Бул аппарат облус боюнча төрт эле жерде бар. Облуска көчмө флюорография аппараты келген. Аны биз керек учурда чакырсак, дарыгерлер тобу менен келип, текшерип, диогнозун коюп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок бизде өзүбүздө аппарат болгондуктан чакырган жокпуз», - деди А.Ырысбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×