Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусуТалас району 05.12.2018 13:35

Таластагы «Манас Ордо» комплексинде Манас күнү белгиленди

Turmush -  Кечээ, 4-декабрда Талас районундагы «Манас Ордо» комплексинде Манас күнү белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, комплекстин жамаатынын катышуусунда, музей кызматкерлери эпос туурасында докладдарды жасашты. Музейдин баяндамачысы Чолпон Исаева «Бакай менен Каныкейдин жолугушуусу», улук илимий кызматкер Бообек Түлкүбаев «Сагымбай Орозбаковдон «Манастын» жазылып алыныш тарыхы» аттуу докладдарды даярдаган. Иш-чарага катышкан кызматкерлер өздөрүнүн сунуштарын, ой-пикирлерин да ортого салышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×