Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Дүйнө 05.12.2018 18:12 Жаңыланды: 06.12.2018 15:19 На русском

Айжан Токтошева Англиядан билим алуу үчүн эки баласы, жолдошу менен бирге кетти (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын 31 жаштагы тургуну Айжан Токтошева учурда Англиядагы Эксетер университетинин мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча магистранты. Ал билим алуу үчүн эч нерсе тоскоол болбостугун далилдеп, эки баласы менен жолдошун да Англияга алып кеткен.

Аны кыялдары тынч койбогонун Turmush басылмасынын кабарчысы менен баарлашканда билдирди.

«Кичинекей кезимде эле чет жактарга чыгып, саякаттоону эңсечүмүн. Мектепте окуп жүргөндө Борбордук Азиядагы Америка университетинде билим алууну каалагам. 9-класстан тарта кошумча англис тил курсуна барып, жакшы өздөштүрдүм. Орто мектепти аяктаганда англис тилинен жана жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, бирок үй-бүлөдө кичүү кыз болгондуктан ата-энем мени башка шаарга окууга жибербей коюшкан. Ошентип Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинде окуп калдым. Бирок чет өлкөлөрдү кыдырып, чет жактан билим алуу тууралуу кыялым мени тынч койбой туруп алды», - деди Айжан.

Ал жогорку окуу жайда окуп жүргөндө эле ар түрдүү долбоорлор менен иштеп, тренинг-семинарларга катышып жүргөн. Ыктыярчы катары элеттеги жаштарга да тренингдерди өткөрүп турушчу.

«Чет өлкөдөгү университеттерде окууга, жашоо тиричиликке, окуунун келишим акысына кеминде 40-50 миң доллар керектелет. Бирок тил билсең түрдүү стипендиялык программалар бар. Мен да дүйнө жүзүндөгү лидерлерди колдогон Chevening программасы аркылуу магистратурадан билим алууга келдим. Программа Британиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Магистратуранын келишимдик баасы 17 миң 500 фунт болсо, анын 3,5 миңин стипендия катары (бакалавр дипломунун баасы жогору болгону үчүн) алып, ал эми 14 миң фунт программа аркылуу төлөндү. Андан тышкары ар бир студентке турак жай, тамак-ашка жетиштүү стипендия төлөнүп турат», - деди Айжан Токтошева.

Ал буга чейин түрдүү программа, семинар, конференциялар аркылуу Америка, Швеция, Италия, Түркия, Беларусь Республикасы, Болгария, Камбоджия, Индонезия мамлекеттеринде болгон. Учурда үй-бүлөсү менен Англиянын Эксетер шаарында турушат. Жолдошу окуусун улантуусун колдоп, чогуу барган. Ал эми 4 жаштан өткөн уулу мектептен билим алып баштаса, 2 жаштагы кызы бала бакчага барат.

«Англиядагы мектептер баланы 5 жашынан тарта алат экен. Кызыбыз мамлекеттик бала бакчага барып, күнүнө 8 фунт төлөйбүз. Бирок 3 жашка толсо бала бакча бекер болот. Мисалы, мектепке же бала бакчага берүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын порталы аркылуу анкета толтурасың. Ал жерде өзүң каалаган 3 мектептин тизмесин бересиң. Эгер орун болсо 10 күндүн ичинде жооп беришет. Өздөрү кат жазып, мектепти көрүп кетүүгө чакырышат. Мени кызыктырганы, жарандар менен мамлекеттик органдар почта аркылуу байланышып турат экен. Бул өтө ыңгайлуу жана менимче коррупцияны азайтат», - деди Айжан.

Ал эми жогорку окуу жайда бардык шарттар түзүлгөн. Китепканалар күн сайын 24 саат бою иштеп, ийримдердин түрлөрү бар.

«Профессорлор студенттерге өзүнүн кесиптешиндей мамиле жасайт. Модулга чейин мугалимдер тапшырмалардын суроолорун, китептердин тизмесин электрондук дарек аркылуу жиберип коюшат. Андан тышкары тапшырмаларды сөзсүз өз убагында тапшырасың. Аз убакытка кечиксең автоматтык түрдө баа 50% болуп кыскарат. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга ушундай метод киргизсек, коррупцияны кыскартат элек.

Кыргызстан тарыхы бар, жаратылыш ресурстарына бай, суктана турган калкпыз. Бирок өнүккөн мамлекет менен салыштырсак, жарандарына түзүп берген шарттары, мыйзамдардын аткарылышы жагынан артта калабыз. Бүгүнкү жаштарга кеңешим, билим алууну канчалык эрте үйрөнүшсө, жемишин ошончолук эрте татышат. Замандын талабына ылайык жок дегенде 3 тилде эркин сүйлөө керек», - деди Айжан Токтошева.

Учурда жолдошу тил курстарында билим алып, балдарын чогуу тарбиялап жатышат. Ал эми Айжан магистратураны 1 жылдан кийин аяктаса, Кыргызстанга кайтып келүү планы бар экенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×