Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.12.2018 15:18 На русском

Ысык-Атадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга театрдын кызматкерлери концерт тартуулашты

Turmush -  Ысык-Ата райондук маданият бөлүмү менен Кыргыз улуттук академиялык А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматташтыгынын алкагында Төмөнкү Серафимовка айылында жайгашкан майыптар үйүндө чоң программадагы концерт өттү.

Ысык-Ата райондук маданият бөлүмүнөн билдиришкендей, концерт майыптар күнүнө карата уюштурулган.

«Биз Кыргыз улуттук академиялык А.Малдыбаев атындагы опера балет театры менен 2 жылдан бери тыгыз иштешип, кыргыздын классикалык искусствосун жөнөкөй жашоочуларга көргөзүп келебиз. Бул жолу Төмөнкү Серафимовка айылында жайгашкан майыптар үйүнө чоң программадагы концерт тартууладык. Аталган театрдын концерти бешинчи жолу өттү. Мындан мурун Дүйнөлүк музыка жана Карылар күнүнө арналган концерт Кең-Булуң айылында жайгашкан маданият үйүндө өткөн болчу», - деп билдиришти маданият бөлүмүнөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×