Сүрөт: Кара-Суудагы жол кырсыктан 2 адам каза болду, бири Кытайдын жараны

Turmush - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Тай айылындагы жол кырсык адам өлүмү менен коштолду. Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган алдын ала маалыматтар боюнча, окуянын кесепетинен 2 адам каза болду. Алардын бири — Кытай Эл Республикасынын жараны.
Жол кырсык Ош–Сары-Таш унаа жолунда 5-декабрда саат 16:30 чамасында «Тойота» менен оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда болгон. Жабырлануучулардын бири оор жаракаттын кесепетинен ошол жерде көз жумган.
Башка жабырлануучулар ооруканага жеткирилди. Бирок дарыгерлердин аракетине карабастан экинчи жабырлануучу — Кытайдын 1967-жылы туулган жараны Л.Ж. ооруканада үзүлгөн.
Жабыркагандардын тизмеси:
- Кара-Суу районунун 1988-жылы туулган тургуну, жандандыруу бөлүмүндө;
- Алай районунун 1965-жылы туулган тургуну А.К., жандандыруу бөлүмүндө;
- 1990-жылы туулган А.М., жандандыруу бөлүмүндө;
Бул факты боюнча экспертизалар дайындалып, тактоо, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.