Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 06.12.2018 09:42 На русском

Сүрөт: Тогуз-торолуктар тоо эчкилерди атып өлтүрүп, унаасына салып жүрүшкөн

Turmush -  Тогуз-Торо районунда үч баш тоо эчкини атып өлтүрүп, унаасына жүктөп жүргөн жергиликтүү тургундар кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын алуу иштери Тогуз-Торо РИИБ тарабынан 4-декабрда жүргүзүлгөн.

Анын алкагында милиция кызматкерлери Казарман айылындагы дүкөндөрдүн биринин жанында токтоп турган «Ауди-100» үлгүсүндөгү шектүү унааны текшерүүгө алышкан. Анын ичинен 1 даана сайлуу, 1 даана сайсыз ок атуучу курал табылды. Андан сырткары 17 даана ок, атып өлтүрүлгөн 3 баш тоо эчкиси чыккан. Ал эми унаада Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургундары — А.А., Б.Ж. жана Д.Д. болгон.

Бул окуя РИИБдин кылмыш каттоо китепчесине мыйзамсыз аңчылык катары катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесиндеги 1-бөлүмдүн 3-пунктунун негизинде кылмыш иши козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×