Парламенттин депутаты студенттер менен чиновниктерди Бишкектин четине чыгарып салууну сунуштады

Turmush - Жогорку Кеңеште Бишкектин четинде студенттик жана административдик шаарча негиздөө жөнүндөгү демилге кайрадан көтөрүлдү.
Парламенттин бүгүн, 6-декабрдагы отурумунда депутат Кожобек Рыспаев (КСДП) бул демилге ишке ашса шаардагы тыгын маселесин чечүүгө жардам берерин белгиледи.
«Мен мурда да ушундай — Бишкектин четинде студенттик жана административдик шаарча негиздөө жөнүндө сунуш киргизгем. Бул шаардагы тыгындар көйгөйүн чечүүгө жардам бермек жана жарандардын ар кандай кызматтарды бир жерден алуусуна ыңгайлуу болмок», - деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком