Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Токмок 06.12.2018 11:24 На русском

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Айгүл Жумалиева күчүккө кийим тигип, кошуналарын таң калтырган (сүрөт)

Turmush -  54 жаштагы Айгүл Жумалиева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал шырдак жасап, курак курап, кездеменин кесиндилеринен жаздыкчаларды жасайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кол өнөрчү 1964-жылы 23-августта Нарындагы Жумгал районунун Куйручук айылында төрөлгөн. Учурда Токмок шаарында жашайт.

«Кол өнөрчүлүккө байланыштуу эсимде калган бир окуя бар. Аны эстеген сайын жылмайып, күлүп калабыз. Ал учурда кичүү кызым 10 жашта болчу. Жаңы жыл күнү кошуналар бири-бирибизди чакырып, конокточубуз. Мен андан бир күн мурун кызыма жана кичинекей күчүгүбүзгө аяз кыздын киймин тигип бергем. Жаңы жыл күнү аяз кыздын кийимин кийген кызымды ээрчитип, кошуналарды кыдырып баштадык. Кызымдын колунда кичинекей күчүк бар. Ит жылы болгондуктан күчүктү да кийинтип, ээрчитип алганбыз. Чай ичип жатсак күчүк ары-бери кыймылдап, биз берген нанды жеп жатса кошуналардын баары каткырып, күлүп калышты. Көрсө алар күчүктү оюнчук экен деп ойлошуптур. Алар кызым менен күчүккө тиккен кийимдерди баалашкан эле», - деди ал.

Айгүл айым 17 жылдан бери тигүүчү болуп иштейт. Учурда үйүндө чакан цех ачып, иштетип жатат.

«Өзүмдүн билимим орто. Кичинекей кезимде сүрөт тартканды абдан жакшы көрчүмүн. Мектепте сүрөт, чийүү, физика сабактары абдан жаккандыктан аларды кошумча окуу үчүн ийримге да барчумун. Эмнегедир сүрөт сабагынан мугалим болгум келчү. Бул талантты мен кийин неберемден байкадым. Ошондуктан аны менин талантымды улоочу үмүтүм деп коём. Атам ыр жазып калчу, ал эми апам жамакчы, кошокчу, ырчы болгон. Улуу агам комуз чертчү. Мен да кичинекей кезимде комуз чертчүмүн.

Тигүү тармагында иштегендиктен кездеменин кесиндилерин кайра иштетип, жаздыкча, төшөк жасайм. Учурда үйүмдөгү чакан цехти иштетип жатам», - деди ал.

Айгүл Жумалиева жолдошу менен 36 жылдан бери бирге жашайт. Алардын 1 уул, 2 кыз жана 5 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×