Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусуТалас району 06.12.2018 12:55 Жаңыланды: 06.12.2018 18:41

Аскерде жүрүп үй-бүлөдөн ажыроо, карыз, жалгыздык... Ырчы Орунбасар Кызалаковдун өкүтү, чыгармачылыгы (видео)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 56 жаштагы тургуну Орунбасар Кызалаков 30 жылдан бери обон жаратып келет. Аймактык кабарчы обончудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, бүгүнкү күндө даяр 3 обон жыйнагы бар.

«Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. 2-курсумда окуумду таштап, 1981-жылы Москвадагы техникумда токардын окуусун окуп бүткөм. Москвада жүргөндө эстрада музыкасы абдан жагып калды. Ал музыка Таластан барган жаш уланга зор таасирин тийгизди десем болот. Мага алардын музыкасы жомоктогудай сезилип, өзүмдүн обондорум менен орус элине келем деп максат койдум. Ошондон тарта гитара менен обон жарата баштадым. Кыргыз музыкасын европа музыкасынын агымына салып, обон жарата баштадым. Дүйнөлүк фондо кыргыз музыкасынын 12 мүчөсү түгүл ар бир кайрыгы маңыздуу, салмактуу.

Бүгүнкү күндө даяр 3 обон жыйнагым бар. Үнүмдү дагы өзгөчө деп айткандарды көп угам. Үн мага атамдан калган деп ойлойм. Атам Кызалак уулу Масалбек 13 жашынан тарта дастан айтчу экен. Кичинебизде «Манас» китебин алып, 2 күн ичинде обонго салып окуп бүтүрүп койчу эле. Мен бүгүнкү күнгө чейин андай адамды көрө элекмин.

Манас атабыздын 1000 жылдыгында «Талас таңшыйт» аттуу ырым менен конокторду тосуп алып, кайра ошол ыр менен узатышкан эле. Ормон хандын 220 жылдыгында аткарылган ырдын обонун жазып бергем. Чыгармачылыкта өмүр бою гитараны дос кылдым. Көптөгөн окуучуларды чыгардым. Ырчы Гүлзада Рыскулова биринчи окуучум», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле бир кезде аны колдоп, Таласка келген ырчыларга азыркы күнгө чейин карыз экендигин айтып берди.

«Кайсы жыл экенин унутуп калдым, биринчи концерт берем деп Кыргызстандын эмгек сиңирген мен-мен деген ырчыларын Таласка чакырдым. Концерт «Манас Ордо» комплексинде өтмөк эле. Концерт берилет деген күнү «аппаратура жарылып калды» деп, концертимди жаап ташташкан. Ырчылардын баары, Саламат Садыкова эжебиз баш болуп кейип, 2 күн Таласта жүрүп калышкан. Маданият министрлигинен келген кишилер «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин үйдөн тагып кетишкен эле. Ошондо келген ырчыларга, кесиптештериме бүгүнкү күнгө чейин акыларын төлөй элекмин, карызмын. Ошентип банкрот болуп, сахнага чыкпай, жазуу режимине кетип калдым.

Азыркы шоу-бизнес менен чыгармачылыктын айрымасы асман менен жердей экен. Чыгармачылыкта улуттук баалуулук, каада-салт, рух жашайт. Шоу бизнесте акчадан башка эч нерсе көрө албадым. Өзүмдү шоу-бизнесте көрө албагандыктан, 7-8 продюсердин сунушунан баш тарттым. Жаңыдан чыгып баштаганда өзүбүздүн эле агалар сындырып койгон, бирок үмүтүмдү үзгөн эмесмин. Буйруса жанданып, шыктанып, көп деген колдоолор менен кайрадан чыгып келе жатам», - деди ал.

Ырчы буга катар эле үй-бүлөсү жөнүндө кеп салды.

«Мага үй-бүлө бактысы буйрубагандай. Биринчи Москвада жүргөндө молдован кызга үйлөнгөм. Экөөбүз Таласка келип жашадык. Анан мени аскерге алып кетип калышты. Аны болсо апасы алып кетип калыптыр. Апасы алып кеткен соң намысым жол бербей, мени кабардар кылбай кетип калды деп, мен да барбай койгом. Экөөбүздүн эгиз балабыз бар. Алар 35 жашта, катташып турабыз. Андан кийин кыргыз кызын алгам. Андан дагы 2 балам бар. Бирок ал экөөбүз дагы жашабайбыз. Жашоодо жалгыз эле келе жатам», - деди Орунбасар ырчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×