Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.12.2018 13:00

Каракол шаарында 10 жылкысын жайып жүргөн жаранга айып салынды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн арасына жылкыларын жайган тургунга айып салынды. Каракол шаардык №4 аймактын башчысы Данияр Усуповдун айтымында, шаар ичинде мал жаюуга болбойт.

«Шаардык кеңеш кабыл алган жобого ылайык, 10 баш жылкысын жайган Н.А. аттуу жаранга протокол түзүлүп, ага 3 миң сом айып салынды. Ал администрациялык комиссияга жөнөтүлдү», - деди ал.

Ошондой эле ал тургундарды шаар ичине мал жайбоого чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×