Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 06.12.2018 13:40

Баткенде окуучулар арасында тамаша сынак өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 5-декабрда Баткен шаарында мэрдин кубогуна арналган «Азил шоу» тамаша сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалым болгондой, сынакка Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Баягы балдар» командасы, А.Имаров атындагы орто мектебинен «Number three» командасы, Кызыл-Жол орто мектебинен «Бир күндү» командасы жана С.Айтматов атындагы орто мектебинен «Браво» командасы катышты.

Жыйынтык:

- 1-орун — А.Имаров атындагы мектептин окуучулары;

- 2-орун — Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин окуучулары;

- 3-орун — Кызыл-Жол орто мектебинин окуучулары.

Мыкты аткаруучулар Баткен шаарынын мэриясынын дипломдору менен сыйланды. Ал эми Баткен облустук жаштар ассоциациясы да катышуучуларга өз белектерин тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×