Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 06.12.2018 15:03 На русском

Айыл турмушу: Китепканачы Дамира Мокеева күнү-түнү китеп окуган окурман тууралуу айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Маданияттын мыкты кызматкери Дамира Мокеева 40 жылдан бери Ат-Башы райондук Бүбүсайра Кыдыкова атындагы маалыматтык китепканасында иштеп келе жатат. Ал аймактык кабарчыга күнү-түнү китеп окуган окурман тууралуу айтып берди.

Дамира Мокеева 1958-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун аяктап, Ат-Башы райондук борбордук китепканасында иштеп баштаган. Ал учурда окурмандардын кайрадан жандана баштаганын айтат.

«Эмгек жолумду дал ушул эле китепканадан баштагам. Бул жерге жаңы келгенде Жумабүбү Аалиева директор болчу. Ал киши мага көп нерсени үйрөттү. Ошол мезгилде айылдарды кыдырып тейлеп, күнү-түнү иштечүбүз. Борбордук китепкана балдар бөлүмү менен биргеликте Ат-Башы айылында жашаган калктын 50 пайызын китеп менен тейлеп турабыз. Бардык тармак боюнча элдин суроо-талабына жооп берүүгө аракет кылабыз. Бүгүнкү күндө тейлөө бөлүмүнүн китеп фондунда 32 815 нуска китеп бар», - деди ал.

Дамира Мокеева: «Муратбек Оморов деген байке күнү-түнү китеп окуп, бир күндө ондон китеп окучу. Дайыма эле китептерибиз эзилип келет. Анан бир күнү эмне үчүн китептер жаман абалда келип жатканын сурасак, "мен жатып алып китеп окуйм, койнума кирип кетип жатат" деген эле», - деди.

Китепканачы 1 уул жана 3 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×