Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусу, Талас 06.12.2018 15:20

Талас шаарында 136 миң сомдук балаты орнотулат

Turmush -  Талас шаарынын борбордук аянтына жаңы жылга карата 136 миң сомдук балаты орнотулат. Бул тууралуу Талас шаардык коммуналдык чарба бөлүмүнүн жетекчиси Эркин Аскаров билдирди.

«Талас шаарына балаты 10-декабрда орнотулуп, 20-декабрга чейин жасалгалоо иштери жүрөт. Балатынын быйылкы жылга каралган баасы 136 миң сом болгон. Былтыркыдан дагы кооз болот деп күтүлүүдө», - деди ал.

Өткөн жылдардагы балатылар кандай эле?

2017-жылы Талас шаарынын борбордук аянтында бийиктиги 14,5 метр болгон балаты орнотулган.

Талас шаардык коммуналдык ишканасынын жетекчиси Эркин Аскаров жаңы жылдык балатыга тендер жарыялангандыгын, анын жалпы жасалгасына 95 миң сом каралса, балатыга 16 миң сом каралгандыгын билдирген.

«Балаты Талас районунан келди. Бийиктиги 14,5 метр. Былтыркы жылдагы балаты 12,5 метр болчу. Орнотуу иштери бүттү. 21-декабрь күнү балатыны жасалгалоо иштери аткарылат», - деген.

2017-жылдагы балаты орнотулуп жаткан учур

2016-жылы Талас шаарына 12 мерлик балаты орнотулган. Муниципалдык ишкананын инженери Ормошбек Маймурунов шаарга 30 жылдык балаты алынып келгенин айткан. Балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштерине 70 миң сомдон ашык каражат бөлүнгөн болчу.

2016-жылдагы балаты

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×