Жоголгон малчыны издеп жүрүп, өзү мерт болду: Лейлекте кар көчкү басып каза болгондор жерге берилди

Turmush - Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүндөгү Өзгөрүш айылынын көчкү басып калган 2 тургунунун жансыз денелери алынып келип, жерге берилди. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин Лейлек районундагы бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалым болгондой, 29-ноябрь күнү Өзгөрүш айылынын 2 тургуну ошол эле айылдын Бужум жайлоосуна жылкы издеп чыгып кетишкен. Экөө тоодон эки тарапка бөлүнүп, ошол күнү алардын бирөөсү өз үйүнө кайрылып келген эмес. Кайрылып келбей калган адамды издөөгө 8 айылдашы жөнөгөн. Алар издеп бара жатышканда тоодон кар көчкү түшүп, бирөөсүн басып калган. Көчкү баскан адам ошол жерде мерт болуп, анын денесин 7 шериги айылга алып келген.
Алар андан кийин 2-декабрда жылкы издеп кеткен айылдашы жок болуп жатканын айтышып, ӨКМдин Лейлек районундагы бөлүмүнө кайрылышкан. Издөө иштерине 25 куткаруучу тартылып, 2 күн издешкен. Анын жыйынтыгында жансыз дене 3-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Бужум жайлоосунан табылды. Аны да кар көчкү басып калганы такталган. Куткаруучулар жансыз денени табуу үчүн 8 саат жөө жүрүшкөн.