Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баракелде, Дүйнө 15.12.2018 12:02 Жаңыланды: 13.06.2019 09:04

Тили бурулуп, унутта калып баратса да кыргыз экенин белгилеген Моңголиядагы кыргыздар (сүрөт, видео)

Turmush -  Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Моңголияда жашаган этникалык кыргыздар тууралуу да айтылды.

Моңгол лидерин 12-июнда аэропорттон премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алгандан кийин, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Анын алкагында бир катар макулдашууларга, меморандумдарга кол коюлду.

Ошондой эле Халтмаагийн Баттулга Моңголиянын Кыргызстандагы элчилигин ачып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен да жолугушту. Анын алкагында Моңголиянын Баян-Өлгий аймагында эки-үч миңдин терегинде этникалык кыргыз жашарын, бирок алардын жашоо-турмушу жакшы иликтенбегендигин айткан Дастанбек Жумабеков бул жаатта изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартуу менен маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого биргелешип аракет көрүү керектигин кошумчалады.

Халтмаагийн Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусунда да байланыштардын келечегине тиешелүү маселелерди кеңири талкуулаганын маалымдап, Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясын Моңголияга расмий иш сапар менен барууга чакырды.

Ал эми Моңголияда жашаган этникалык кыргыздардын жашоо-турмушун иликтөө тууралуу сунушту өзү да колдой тургандыгын айткан президент Халтмаагийн Баттулга кыргыз спортчулары олимпиада оюндары үчүн Моңголияда машыгууга болорун кошумчалап өттү.

Буга чейин Turmush басылмасы Баян-Өлгий аймагындагы өзүн кыргызбыз деп атаган жашоочулардын жашоо турмушун баяндап келген.

----------------------------------------------------------------------

Адам баласынын тили, дини чөйрөнүн таасиринен өзгөрүүгө дуушар болсо да түптүү эл эч качан өзүнүн ким экенин унутпайт. Бул сапаттарды Моңголияда төрөлүп, ошол жерде өсүп, өздүгүн аныктаган документинде казак экени көрсөтүлүп турганы менен өздөрүн кыргыз деп атаган бир ууч замандаштарыбыз көрсөтүп жатат.

Чыгыш Азияда жайгашкан Моңголия Элдик Республикасындагы (аянты — 1 564 116 чарчы км) 21 аймактын (облус) бири — Баян-Өлгий аймагында өздөрүн казакташып кеткен кыргыздар деп атаган жашоочулардын саны расмий маалыматтар боюнча болжол менен 2-3 миң адамга жетет. Алар казак жана моңгол тилдеринде эркин сүйлөшөт.

2018-жылы Turmush басылмасы Моңголиянын Баян-Өлгий аймагында жашап, өздөрүн кыргызбыз деп атаган элдин жашоосун сүрөт жана видеотасмалар менен баяндап берди. Тарыхчылар да белгилегендей, эгемендүү өлкө болгонго чейин жана андан кийин да Кыргызстан тарабынан Моңголиядагы кыргыздар, алардын тарыхы, жашоосу тууралуу тарыхый-илимий иликтөөнүн жоктугу өкүнүчтүү.

Turmush басылмасы Моңголияда өздөрүн кыргызбыз деп атаган элдин жашоо-турмушу, салт-санаасы, баалуулуктары, жалпы эле моңголиялык кыргыздар тууралуу маалыматтарды окурмандарга жеткирүүнү улантат. Бул багытта кызматташууну каалаган тараптарды редакция менен байланышууга чакырабыз.

Төмөндө 2018-жылы Моңголиядагы кыргыздар тууралуу жарыяланган макалалардын топтому:

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------

I БӨЛҮК (толугу менен бул шилтемеде)

Баян-Өлгий аймагы түндүк-чыгышынан Увс аймагы, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Ховд аймагы, түндүгүнөн Россия, ал эми батышынан жана түштүк-батышынан Кытай Эл Республикасы менен чектешкен. Расмий маалыматтар боюнча, калкынын басымдуусун (акыркы маалыматтар боюнча 93%) казактар түзөт. Ошондой эле дербет, урянхай жана халха-моңголдор бар.

Картаны чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыз

Өзүн моңголиялык кыргыз-казак деп атаган Бейшен Булан (Бейсен Булан) Turmush басылмасынын кабарчысына телефон (казакча, түркчө, моңголчо сүйлөп, кыргызча сөздөрдү түшүнөт) аркылуу байланышканда дагы Баян-Өлгий аймагындагы кыргыздар казак улуту катары каттоого алынып, Кыргыз Республикасы тарабынан такыр унутта калганын белгиледи. Муну Кыргызстандан бир да тарыхчы моңголиялык кыргыздар тууралуу толук кандуу илимий иштер менен алектенбегени да далилдеп турат. Моңголиядагы кыргыздар, алардын тарыхына байланышкан тарыхый маалыматтар орус окумуштуулары негиз салган илимий иштер менен жана Кыргызстандан экспедицияга барган лингвист, тилчи, фольклористтердин маалыматтары менен гана чектелет.

Бейшен Булан (55 жашта) учурда Моңголиядагы калкан безге операция жасоо боюнча биринчи даражадагы саналуу докторлордун бири. Үй-бүлөсү менен (уул-кыздары да дарыгер, медицина тармагында билим алып жаткан студенттер) медицина тармагында эмгектенген Бейшен Булан Кыргызстанга келе элек. Анын айтымында, учурда Моңголиянын аймагында кыргыздардын саны 5-6 миң адамга жетет. Алар Чыңгыз Айтматов жана «Манас» эпосун казак тилинде окуп, улуу жазуучу менен баатыр тууралуу билишерин айтты. Ошондой эле казак элинин домбрасы менен кыргыз комузун черткендер бар.

Бейшен Буландын маалыматы боюнча, кыргыздар Баян-Өлгийдин Улаанхус (кыргызча Кызыл-Кайың), Ногооннуур, Сагсай райондорунда (сомон) отурукташкан. Алардын улуту документтеринде казак деп көрсөтүлүп, казак жана моңгол тилдеринде эркин сүйлөшөт. Ал эми кыргыз тили дээрлик колдонулбай, унутта калган. Бирок тилчилердин, тарыхчылардын маалыматы боюнча, алардын сүйлөгөн сөзүндө казак тилине таандык эмес элементтерди да кездештирүүгө болот.

Бейшен Булан Кыргызстандын бийлигине жолдонгон кайрылуулар жоопсуз калганын белгиледи.

«1990-жылдары Моңголиядагы казактар Казакстанга көчүрүлүп жатканда, биз дагы ошол кездеги президент Аскар Акаевге кат жолдогонбуз. Бирок жооп келген жок. Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова келгенде дагы кайрылуу жолдогон элек, бирок эч кандай жооп болгон жок», - деди Бейшен Булан.

Анын айтымында, Баян-Өлгийдеги казактар жана кыргыздар өздөрүн мусулманбыз деп эсептешет.

Бейшен Булан

Бейсен Булан

Тарых барактарында Моңголиядагы кыргыздар тууралуу алгач орус этнографы Григорий Потаниндин түндүк-батыш Моңголияга 1876-1878-жылдары жасаган илимий экспедициясында белгилүү болгон маалыматтар айтылган. Ал эми учурда Кыргызстандын тарыхчыларынын арасынан дал ушул моңголиялык кыргыздар, алардын тарыхы жана учурдагы абалы тууралуу илимий өңүттө изилдеген тарыхчы, окумуштуулар жокко эсе. Азыркы тарыхый маалыматтардын басымдуусу орус окумуштууларынын иликтөөлөрү менен гана чектелет. Тарыхчылар буга чейинки мамлекеттик экспедициялар да фольклордук, лингвистикалык, диалектологиялык багыттарда гана болгонун белгилешти.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун Кыргызстандын байыркы мезгилден XIX кылымдын аягына чейинки тарыхы бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидады, доцент Рыскул Жолдошовдун пикири боюнча, Моңголиядагы кыргыздар этника катары калыптангандан кийин — XVII кылымдын экинчи жарымы - XVIII кылымдын биринчи жарымында кыргыз-калмак согушунда Теңир-Тоого болгон кол салуудан кийин барышы мүмкүн.

Рыскул Жолдошов

Тарых илим. кандидаты, доцент Р.Жолдошов

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------

II БӨЛҮК (толугу менен бул шилтемеде)

Turmush басылмасы кыргыз илимий чөйрөсүндө Моңголиядагы кыргыздарга байланышкан маалыматтарды издеп жатып, алар менен жолугушкан алгачкы экспедициянын мүчөлөрү менен байланышты. Бул экспедиция (Моңголияга жалпы 8 адам барган) фольклордук-диалектологиялык багытта 2016-жылдын сентябрь айында Моңголияга уюштурулуп, анын алкагында Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Манас бөлүмүнүн ага илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Мурат Садыров, Манас бөлүмүнүн илимий кызматкери Амангелди Сабыр уулу жана Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Өмүрбек Качкынбаев 2-3 күнгө Баян-Өлгийге барууга мүмкүнчүлүк табышкан. Кыргызстандыктарды кубануу менен тосуп алган Бейшен Булан жергиликтүү элдин жашоосу менен тааныштырып чыкканын айтышты.


Моңголиялык кыргыздардын арасында илимпоздор, мугалимдер, ар кандай кесиптин ээлери бар. Бирок негизинен мал чарбачылыгы менен алектенип, ар бир кыргыз үй-бүлөдө бери дегенде 50 жылкы бар экенин, айрымдары 150гө чейин жылкы күтө турганын айтышкан. Ошондой эле 3 миңге чейин кой баккан кыргыздар бар экенин кошумчалашты.

Экспедициянын мүчөсү Сабыр уулу Амангелди белгилегендей, моңголиялык кыргыздар өздөрүн материалдык жактан толук камсыздай алышат. Алар болгону Кыргызстандан саясий колдоо күтүшөт.

«Бейшен Булан дагы райондук кеңештин депутаты болуп эмгектенип, кадыр-барктуу адамдардын бири экен. Ал эми алардын тили казакташып кеткени боюнча тилдеги ассимиляцияны эске алуу керек. Кыргыздар казактар менен жуурулушуп калгандыктан, маданияты, тили да таасир этет. Ал эми кыргыз-казактардын окшош жактары көп. Эң негизгиси ал жактагы эл өздөрүнүн улутун кыргыз деп аташат экен. Мисалы, жайлоодо кой катарып жүргөн адамдан "улутуңуз ким болот?" деп сурасак, "кыргыз болот" деп жооп берди. Ошол чөлкөмдө жашаган эл өздөрүн кыргызбыз деп атап жатканы маанилүү», - деди А.Сабыр уулу.

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------

III БӨЛҮК (толугу менен бул шилтемеде)

Моңголиядагы кыргыздар каза болгон адамдын сөөгүн боз үйдөн алып чыгып кеткенден кийин ошол жерге от жагып коюшат. Алар жашаган Моңголиянын батышындагы Баян-Өлгий аймагында интернет байланышы, социалдык торчо, уюлдук телефон деген нерселердин аз болгондугу алардын маданияты нукура боюнча өтө өзгөрө электигинен кабар берет.

Карта. Кыргызстан - Баян-Өлгий

Кыргызстандык илимий кызматкер А.Сабыр уулу менен моңголиялык аял

Баян-Өлгий

Кыргызстандык экспедиция менен Баян-Өлгийдеги кыргыздар

Баян-Өлгий (2)

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------

IV БӨЛҮК (толугу менен бул шилтемеде)

Бай казыналуу маданий мурастары бар кыргыз элинин тарыхы айтылуу Моңголия менен тыгыз байланыштуу. Тарыхчылар, тилчилер, илимпоздор белгилегендей, алардын бир фактысы — Моңголиянын батышында жайгашкан Кыргыз-Көлү (картада — Хяргаз-Нуур).

Картаны чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыз

Кыргыз-Көл (карта)

Кыргыз-Көлдү 2016-жылдагы экспедициянын курамында өз көзү менен көрүп келген Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев көлдү: «Суусу тунук, жылуу, туздуу, кадимки эле Ысык-Көлдүн «инисиндей» же «сиңдисиндей», бизди өзүнө тартат. Жээги да, ичи да майда эмес, кесек кум экен, ошон үчүн сууну канча кечсеңда ылайланбай, мелтиреп таптаза бойдон тура берет экен», - деп сүрөттөйт.

Анын айтымында, моңголдор Хыргыс-Нуур деп атаган көлдүн аталышы кыргыз тилине Кыргыз-Көлү деп которулат. Түрк тилдерине кирген моңгол тилинде «х» тамгасына жана созулма үндүүлөргө басым жасалгандыктан, «Кыргыз» деген сөз «Хыргыс» деп айтылып калса, «нуур» деген сөз бизче «көл» дегенди түшүндүрөт. Бул сөздөр ар кандай транскрипцияда «Хяргас-Нур», «Хяргас-Нуур», «Хиргиз-Нур» деп айтылат.

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------

V БӨЛҮК (толугу менен бул шилтемеде)

Тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаев «Кыргыз тектүү хотондор жана алардын келип чыгышы. Моңголиядагы «кыргыз» энчилүү аттары» деген темадагы эмгегин жарыялаган (өзгөртүүсүз берилет).

...Алар (хотондор) боз үйдү пайдаланышат, өздөрүн
мусулмандарбыз,...кыргыз тегиненбиз деп билишет.

Б.Владимирцов

Бүгүнкү Монголияда Кытайдан (Батыш Кытай тараптан, Ичкерки Азия) көчүрүлүп келинген хотондор аттуу, өздөрүнүн тегин кыргыздардан тараткан, тили моңголдошкон этнографиялык топ бар. Соңку эл каттоонун жыйынтыгы боюнча (2009-ж.) хотондордун жалпы саны 10 000ден ашуун калкты түзөт. Албетте, бул этносту Чыгыш Түркстандагы Хотан (Хотен) жана хотендик уйгурлар менен чаташтырбоо зарыл. “Уйгур” деген расмий этноним калыптанганга чейин Чыгыш Түркстандын (Циньзян-Уйгур Автономиялуу районунун негизги калкы) уйгурларынын басымдуу бөлүгү “хотендиктербиз” деген этностук өзүн-өзү таануусу болгон. Оболу, “хотон” этнониминин маанисин тактап алуу зарыл.

Этнонимдин параллелдери (окшоштугу) бүгүнкү кыргыздардын чекир саяк жана саяк урууларынын курамдарынан “котон” формаларында кездешери белгилүү. «Хотон» монгол тилдеринде:

1. кырг. биргазан (орусча - пеликан);

2. «Маяк» маанилерин туюнтат (Монгол орос толь,1957, 343).

Ошол эле учурда этностук аталыштын параллели бүгүнкү түркмөндөрдүн курамынан «готан» формасында кездешери маалым. Бул термин түркмөн тилинде да жогорудагыдай эле мааниге ээ (караңыз: Атаниязов 1988,30). Этностук аталыш жер (топонимика) атына (Хотон = Котон) байланыштуу келип чыгышы да мүмкүн. Хотон топоними шаар жана аймактын аталышы катары Тарим (Батыш Кытай) суу бассейнинин жогорку агымына чукул жайгашкан.

Бул аймакта кыргыздар азыр да жашап келишери маалым. Хотон топоними «Манас» дастанынын бардык варианттарында жыш эскерилет («Манас». Энциклопедия, Т.I, 324). XIII к. Борбордук Азиянын мейкиндиктерине чыккан монголдор Чыгыш Түркстандын мусулмандарын “хотон” деп аташкандары маалым. Арийне, монгол тилдүү элдерде (ойрот-монголдордо) «хотон» кандаш бир туугандардан куралган, көчүп-конуп жүрүүчү чарбалык бирдик маанисин да түшүндүрөт. «Аха» (кыргызча – ага, аке) башкарган бул чарбалык бирдикке саны экиден кем эмес үй бүлө мал-жандыктары менен кирген. Хотондогу түтүндүн саны мал жайытынын ыңгайына карата көбөйүп, айрым учурларда азайып турган.

«Хотон» атынын маанисине Жунгар (Ойрот) хандыгынын тарыхы боюнча адис И.Я.Златкин төмөндөгүдөй аныктама берет: Хотон кандаш туугандыкка негизделген, чогуу чарба жүргүзүшкон үй-бүлөлөрдүн тобу. Хотондо 4, 10, 50 же андан көбүрөөк үй-бүлө тобу болгон. Бир нече хотон аймак же отокту түзушүп, ал жалпы менчикти, ээликти аныктаган. Отоктор же аймактар тобу улусту, ал эми улустар болсо Жунгар (Ойрот) хандыгын түзгөн (Чернышев 1990,59).

Кыргыз тектүү хотондор

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------

VI БӨЛҮК (толугу менен бул шилтемеде)

Моңголияга 2016-жылдын күзүндө мамлекет, Кыргыз Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган фольклордук-диалектологиялык экспедиция менен кошо барып келген Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев кыргыздардын баалуу боз үйү моңголдордун да сыймыгы болуп эсептеле турганын белгиледи. Анын айтымында, кыргыз эли өзгөчө баалаган боз үй Моңголиянын борбор шаарын кошо кооздоп турат.

Улан-Батор шаарынын тегерегинде, шаардын ичинде, атайын орнотулган ат арабанын үстүндө да боз үй турганын мисал келтирди.

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------

VII БӨЛҮК (толугу менен бул шилтемеде)

Экспедиция (Моңголияга жалпы 8 адам барган) фольклордук-диалектологиялык багытта 2016-жылдын сентябрь айында Моңголияга уюштурулуп, анын алкагында Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Манас бөлүмүнүн ага илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты Мурат Садыров, Манас бөлүмүнүн илимий кызматкери Амангелди Сабыр уулу жана Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Өмүрбек Качкынбаев Баян-Өлгийге барууга мүмкүнчүлүк табышкан.

Баян-Өлгийдеги 1 күндүк сапарда өздөрүн кыргыздарбыз деп атаган замандаштарыбыз тууралуу көрүп-билүүгө жетишкен маалыматтарды Turmush басылмасына Өмүрбек Качкынбаев айтып берди.

Бая-Өлгийге 1 күндүк сапар

Бул экспедиция Тарых жана маданият жылына карата Моңголиянын борбору Улан-Баторго уюштурулган. Биз бул жактан эле Баян-Өлгийде кыргыздар бар деген маалыматтарды угуп, алар менен жолугушууга абдан кызыкдар болгонбуз. Маалыматтар абдан аз болсо дагы ал жактагы кыргыздардын аттуу-баштуусу, белгилүү хирург дарыгер, аймактык кеңештин депутаты Бейшен Булан менен байланышууга мүмкүнчүлүк таптык.

Биз үчөөбүз Улан-Батордон жолго чыгып жатканда дагы Бейшен Булан менен телефон аркылуу байланышканбыз. Бирок ал анчалык ишенбегендей болуп: «Макул келгиле, тосуп алабыз» деди. Бизди казак жигит коштоп, тилмеч да болуп жүрдү.

Улан-Батор —Ховд

Баян-Өлгийдеги кыргыздар менен жолугушуу

Эртеси Баян-Өлгийден 35-40 чакырым алыстагы айыл деп аталган жерге бардык. Баян-Өлгийдин өзүндө негизинен мамлекеттик кызматтарда эмгектенгендер туруктуу жашап, балдар бала бакчаларга, мектептерге барышса, биз жолуккан кыргыздар айыл деп аталган аймактарда негизинен мал чарбачылык менен алектенишет экен. Айылдардагы үйлөр бири-биринен 100-200 метр аралыкта жайгашып, алар кышында күздөө деп аталган сарайларда отурукташса, жайкысын жайлоодо боз үйлөрдүн түндүгү жок эле ууктарынан алачык сыяктуу үй кылып, малга ылайыктап жер которуп турушат экен. Күздүктөгү сарайлары биздикиндей пайдубалдуу, кирпичтен курулган эмес, таштарды кынап курушкан. Алардын аралыгы малдын санына жараша жайгашкан. Менин түшүнгөнүм боюнча, малы көбүрөөк үй-бүлө кененирээк жерди ээлеп, коңшусунан алысыраак жайгашат окшойт. Туугандар, бир уруудагылар бир аймакта, жакыныраак отурукташыптыр.

Баян-Өлгийдеги кыргыздардын жашоо турмушу

Жашоо-турмушун, социалдык абалын жалпысынан туруктуу орто деп айтсак болот. Ден соолуктары жакшы, эч нерсеге арызданышпайт. Айылдагы биз барган үйдүн бирин мисал кылып айтсак: 3 бөлмөлүү, орточо, анча бийик эмес үй. Кире бериши, ашканасы жана төркү бөлмөдөн турат. Айрым үйлөрдүн чатыры болсо, айрымдарынын чатыры жок экен. Ал аймакта шамал бат-баттан жана катуу болгондуктан чатырларга зыяны тиет окшойт.

Айылдагы үй

Үйдүн кире беришинен ат жабдыктарын, арканды көрдүк, бөлмөлөрдө кадимкидей эле аялдар өздөрү жасаган шырдак, кийиз, ала кийиз, туш кийиз, жер төшөк, жууркандар турат. Ошондой эле килем-паластарды колдонушат. Ал эми ашканасында тамак даярдашып, бизди дагы ашканада коноктошту.

Шырдакча

Ат жабдык

Андагы очок бөлмөнүн ортосунда жайгашып, кернейинде түтүндү чыгарууга ылайыкталган капкагы бар экен. Аны ачканда түтүн үйгө жайылбай, дароо тамдын чатырынан чыгат. Айылдарда электр жарыгы жок болуп, жайы-кышы тамак бышырып, суу ысытууда көң гана колдонушкандыктан ушундай кернейлерди пайланышат. Ал эми жайкысын же күн жылууда күн энергиясы менен пайдаланылган батереяларды колдонушат экен.

Ал эми Улан-Батордун борборундагы же моңголдордун боз үйүнөн Баян-Өлгийдин айылдарындагы боз үй айырмаланып турат. Тактап айтканда, моңголордун боз үйү салыштырмалуу жапыз, жыгачтары кыска, ийри болуп, аял жана эркектер тарап деп бөлүнбөйт. Баян-Өлгийдеги боз үйлөр биздикинен эч айырмасы жок экен. Сурап көрсөк уукту уук, түндүктү түндүк деп айтышты. Ошондой эле боз үйгө кире бериштеги оң жагы аялдар тарабы болуп, аялдарга тиешелүү буюмдар, сол жагында эркектерге тиешелүү буюмдар жайгаштырылган.

Мал чарбачылыгы менен алектенген калк кой, жылкы топоз, уй багышат. Биздин байкашыбызча, алар жылкыга өзгөчө маани берип, ал эми уйду бизге салыштырмалуу аз кармашат экен.

Аялдары жоолук салынып, узун чачтарын өрүп алып, узун кийинип жөнөкөй жүргөнүн көрдүк. Ал эми эркектер талаа-түздө жүргөндүктөн көбүнчөсү кат-кат кийимдерди, башына тумак кийишет экен. Буттарына болсо уй жана топоздун терисинен даярдалган кайыштан тигилген бышык, жылуу, ыңгайлуу бут кийимдерди кийип жүрүшөт. Биз барган үйлөрдөн бойго жеткен кыздардын, балдарын көргөн жокпуз.

Байын-Өлгийдеги айыл

Ашканадагы окшоштуктар

Айылдарда бизди коноктогон үй-бүлөлөр табигый азык-түлүккө басым кылышары көрүнүп турду. Жалпысынан биздин ашканадан айырма жок. Тактап айтканда, сүт азыктары кеңири колдонулат.

Дасторкондо чөбөгө, сары май, каймак, суусундуктардан кымыз жана нан катары эсептешкен малдын майына бышырылган токоч коюлду. Ошондой эле этти кеңири колдонушат. Сүт азыктарын, этти өздөрү даядаса, дан эгиндери Баян-Өлгийден сатып келишет экен. Ошондой эле биздегидей эле Украина менен Россиядан чыгарылган конфет, печенье сыктуу таттууларды жешет.

Ашкана (1)

Ашкана

Бизди кожойкелердин бири беш бармак менен коноктоду. Бирок алар беш бармакты куурдак деп аташат экен. Ал эми жасалышы, даамы биздеги бешбармактан эч айырмасы жок. Жер-жемиштерди болсо дасторкондон жана алар өсө турган чарбактарды дагы көргөн жокпуз.

Куурдак (биздеги беш бармак)

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Тарых барактарынан: Жуңгар-кыргыз согушу

XVII кылымдын башы XVIII кылымдын ортосунда кыргыздар ойроттордун кол салуусуна каршы күрөшкөн. Тарых барактарында Жуңгариядагы ойроттор XV кылымда эле кыргыздар жашаган Теңир-Тоого, Ферганага жортуулга келип турганы айтылат. Муну менен ойроттор жергиликтүү калктардын мал-мүлктөрүн тартып алуу, салык (алман) төлөтүү, айрыкча кыргыз, казак, өзбек жана уйгур жерлерин жайыт катары пайдалануу максатын көздөшкөн.

Кол салгандарды алгач 1620-жылдары кыргыз, казак аскер күчтөрү өз аймактарынан сүрүп чыгарса, 1626-27-жылдары кыргыз, казак жоокерлери калмактарга каршы жортуул уюштуруп, аларды Сибирге чейин сүрүп барышкан. Ал эми 1633-жылы калмактар кыргыздар менен казактарга кол салып, жеңишке ээ болуп, казактын Эшим ханынын уулу Жангыр султан туткунга алынган. Ал кийин бошотулганы айтылат.

1652-жылы кыргыздар менен казактарга каршы Очирту Цэцэн хан жортуулга чыгып, 1658-жылдары Талас өрөөнүндөгү салгылашта кыргыз, казак, өзбектердин биргелешкен жоокерлери жеңилүүгө дуушар болушкан. 1681-85-жылдары Галдан Бошокту хандын аскерлери Кыргызстандын түштүгүнө бир нече ирет жортуулга барышып, Ош, Өзгөн, Сайрам шаарына чоң зыян келтирсе, 1707-жылдары Цебан Рабтан теңир-тоолук кыргыздар менен салгылашкан. 1718-22-жылдары Кыргызстандын түндүк тарабындагы бир катар аймактар убактылуу жуңгарлардын кол алдында калган. Элдик санжырада бул аймактардагы кыргыздар калмактардын кысымынан Фергана, Каратегин, Кысар (Гисар) тарапка эки жолу жер которууга мажбур болгону маалымдалат.

1725-1727-жылдары калмактар Кыргызстандын түндүгүнө жортуул жасап, анда кыргыздар согушпастан, келишим түзүүгө мажбур болушкан. Андан кийинки жылдары да эки тараптын ортосунда салгылаштар болуп отуруп, 1752-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде калмактарга катуу сокку берилип, акыры жеңиш кыргыздар тарапка оогон. Бул маалыматтардын негизинде кыргыздардын калмактар менен болгон согуштарына боштондук мүнөздөмө берилет.

- Turmush басылмасынын электрондук дареги: aimak.akipress@gmail.com;

- WhatsApp: 0554 65 60 25.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×