Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусу, Ош 22.03.2019 09:30

«Визион Резиденс» Оштун борборундагы ыңгайлуу, заманбап комплекстеги батирлерди сатууну жарыялайт (сүрөт)

Turmush -  «Визион Резиденс» турак жай комплекси менен тааныштырабыз. Заманбап 15 кабаттуу турак үйдү Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү №136 даректе куруу пландалган. Андан шаардын кооздугу даана көрүнүп турат.

Турак жай комплексинин айланасында соода борборлору, оюн-зоок жайлары, медициналык борборлор жайгашып, 1,2 гектар аянтта 10 блок курулат.

«Визион групп» 1-2 жана 3 бөлмөлүү батирлерди куруп, курулуш учурунда кардарларга индивидуалдуу пландоо мүмкүнчүлүгүн дагы берет. Ошондой эле ар бир кардар каалаган кабатынан каалаган батирин тандай алат.

«Визион Групп» курулуш компаниясы туура тандооңуз үчүн терең ыраазычылык билдирет. Компания курулуш базарындагы аз убакыт ичинде көпчүлүктүн, негизгиси кардарлардын ишеничине ээ боло алды. Компания 2017-жылдан бери курулуш иштери менен алектенип, Ош шаарында 2 турак жай комплексин пайдаланууга берди. Турак жайлар сапаттуу, кооз, ыңгайлуу жашоого шарт түзүп, биринчи кезекте жашоочулардын коопсуздугу эске алынат. Ошондуктан текшерүүдөн өткөн, сапаттуу жана кымбат баадагы курулуш каражаттары пайдаланылат. Ар бир кардардын ыраазычылыгы үчүн компаниянын жамааты болгон аракетин жумшайт.

«Визион Резиденс» турак жай комплексинин артыкчылыктары:

- Кенен жана ыңгайлуу короо, көзөмөл кызматы жана видеобайкоо;

- жашылдандырылган аймак;

- акы төлөөдөгү ыңгайлуу жана пайдалуу система (36 айга чейин бөлүп төлөө жолу, эч кандай пайызсыз, 30% алгачкы төлөм);

- сапаттуу жана коопсуздук сакталган балдар аянтчасы;

- бала бакча — ата-энелер, жаш жубайлар үчүн өзгөчө маанилүү. Үйгө жакын бала бакчада балдардын коопсуздугу сакталып, ата-энелер үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу шарттар түзүлөт;

- унаалар токтоочу жер алдындагы 2 кабаттуу паркинг. Автопаркингде унаасы үчүн жеке орунга ээ болгон айдоочуга эң чоң мүмкүнчүлүк жана жеңилдик;

- «Визион Резиденс» турак жай комплексинин паркингдери жада калса эң суук мезгилде дагы комфорттуулукту камсыздап, унаалар +10...+12 градус жылуулукта турса, абанын температурасы жогорку мезгилде салкын жерде сакталат. Ошондой эле айдоочулар унаасынын тазалыгы жана күн-түнү менен көзөмөлдө болушунан кам санабайт;

- борбордук коммуникация системасы (электр энергиясы, ысык жана муздак суу, жаратылыш газы жана жылытуу системасы);

- батирлер кире бериштеги брондолгон эшик, авария тууралуу кабар берүүчү жабдыктар жана автоматтык өчүрүү системасы менен камсыздалат;

- ыңгайлуу пландалган батирлер;

- төмөнкү кабаттарда коммерциялык мекемелер жайгашат.

«Компаниянын сатуу бөлүмүндөгү кызматкерлер ар бир кардарга ыңгайлуу батир тандоодо туура чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүүгө ар дайым даяр. Кайрылган кардарларга турак жай комплекси, колдонулган курулуш каражаттары тууралуу чай үстүндө айтып берип, оптималдуу варианттарды сунуштайбыз. Биз ар бир кардарга өзгөчө көңүл буруу менен ар бир ишке өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылабыз», - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

«Визион Групп» компаниясы «Визион Резиденс» турак жай комплексиндеги батирлердин сатылып баштаганын жарыялайт жана компаниянын жамааты батир алуучуларды кеңсесинен күтөт.

Сатуу бөлүмүнүн дареги: Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсү №69/17.

Телефон: 0772 62 00 28; 0550 62 00 88.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×