Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 27.03.2019 16:22

Алгачкы кардарларга белек: «Эмаком City» турак жай комплексинен батир сатып алыңыз (сүрөт)

Turmush -  «Эмаком Холдинг» курулуш компаниясы «Эмаком City» турак жай комплексинен батирлерди сатууну жарыялады.

«Эмаком City» турак жай комплекси 12 кабаттуу болуп, заманбап премиум-класста курулат. Көп кабаттуу үй өзгөчө стилде мрамор ташы менен кооздолуп, Ош шаарынын борборундагы Ашимахунов көчөсүнөн орун алган. Андагы 1-2-3 бөлмөлүү батирлер 42 квадрат метр аянттан тарта 84 квадрат метрге чейин болуп, курулуш учурунда кардарларда индивидуалдуу пландоо мүмкүнчүлүгү дагы болот. Ошондой эле ар бир кардар каалаган кабатынан каалаган батирди тандап алса болот.

«Эмаком City» жаңы турак жайы шаардагы эң алдыңкы инфраструктуранын бирине айланат. Үйдүн ар тарабы заман талабына ылайыкташтырылып жасалгаланып, ар бир жашоочу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулган. Архитектурасы кооз, сапаттуу, заманбап, жарык, ыңгайлуу үйдүн жогорку кабатынан Ош шаарынын кооздугун көрүүгө болот. Ар бир жашаган адамга ырахат тартуулайт.

Компания аз убакыт ичинде курулуш базарында чоң орун ээледи. Кылдат текшерүүдөн, сыноодон өткөн гана курулуш каражаттары пайдаланыла турганын да белгилөөгө болот.

«Эмаком City» — заманбап пландоо жана классикалык фасад, кенен жана жайлуу бөлмөлөр, бийик шып, жер алдындагы паркинг, жакшы кошуналар жана эң сонун инфраструктуралуу район.

Ош шаарындагы эң алдыңкы райондордун бириндеги турак жайда автордук ландшафт, дизайн жана эң мыкты жашылдандыруу иштери да өзгөчө көрк берет. Дизайнерлер менен архитекторлор эс алуучу, оюн жайынын жана спорттук аянттардын ыңгайлуулугун кылдат карап чыгышкан. Техникалык жарыктандыруу жогорку класска ылайык келет.

Ошондой эле турак жайды вентиляция, автоматтык жана диспетчердик инженердик жабдуу, өрт коопсуздугу, телекоммуникация системасы сыяктуу заманбап, акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыздоо пландалган. Көзөмөлдү күчөтүп, белги берүүчү сигнализация, паркинг, тепкичтер жана лифттерде, объекттеги жалпы кыймылды көзөмөлгө алуучу видеобайкоо системасы болот. Үйдүн 1-кабатында болсо минимаркет жана сулуулук салону жайгашат.

«Эмаком City» ыңгайлуу жерде жайгашканы менен да айырмаланат. Анын айланасында А.Навои атындагы мектеп жана бала бакча, университет, «Ак-Буура» кинотеатры, «Жаннат» спорт комплекси, Ош облустук оорукана, соода түйүндөрү, Р.Абдыкадыров атындагы филармония, «Келечек» базары жайгашкан.

Бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн турак үйдү өзүңүз үчүн жана келечекке инвестиция катары алсаңыз эң жакшы тандоо болот.

- Баасы: 600 $ (1 квадрат метр);

- алгачкы 3 кардарга белек — 1 квадрат метри 450 $;

- акысын бөлүп төлөө мөөнөтү: 2 жыл;

- баштапкы төлөм: 30%дан башталат.

«Эмаком Холдинг» компаниясынын кеңсеси жайгашкан дарек: Ош шаарынын А.Масалиев көчөсү №25-А («Алыш» спорт комплекси тарапта).

Телефон: (0551) 442244, (0771) 442244, (0700) 442244, (0775) 442244, (0708) 440244.

WhatsApp: (0776) 43 20 88, (0709) 00 61 89.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×