Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусу, Баткен 29.03.2019 09:46 На русском

Челябинсктин министри Баткенге иш сапар менен келди. Видео

Turmush -  Кечээ, 28-мартта Баткен облусуна Россиянын Челябинск облусунун Экономиканы өнүктүрүү министри Сергей Смольников менен аталган министрликтин тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгынын башчысы Дмитрий Глухарев келишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, келген делегацияны Баткен районунун акими Кеңеш Салихов жана Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберди Абдыназаров «Баткен» аэропортунан тосуп алышты. Андан соң делегация Баткен облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Жылдызбек Исакулов баштаган жергиликтүү жетекчилер менен жолугушуп, Баткен жана Челябинск облустары кайсы багыттарда кызматташары тууралуу баарлашуу жүрдү. Ошондой эле Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тасма көрсөтүлдү.

«Баткен агрардык аймак экенин эске алуу менен биргеликте айыл чарба техникаларын чыгаруучу ишканаларды ачуу, айыл чарба продукцияларын Челябинск облусуна түз экспорттоо багытында иштешсек болот», - деди Сергей Смольников.

Ал буга катар эле Баткен облусунда өндүрүлгөн экологиялык жактан таза, айыл чарба продукциялары Түштүк Уралга башка мамлекеттердин атынан барышы адилетсиз болуп келгенин айтып, бул үчүн аймакка ири логистикалык борборлорду куруунун үстүндө иш алып баруу керектигин айтты. Ошол эле учурда эки облустун ишкерлеринин ортосунда кызматташууну жандантып, биргелешкен ишкердик жүргүзүүгө көмөктөшүү зарылчылыгын белгиледи.

Россиялык делегация бул күнү Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы мөмө-жемишти кургатуучу ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүштү. Аталган ишкана негизинен өрүктү кайра иштетүү жана кургатып, таңгактоо менен алектенет. Алар Кадамжай районунун Кан айылындагы магнезит кени чыккан аймакта да болушту. Кан айылында 180 миң тонна магнезит кенинин запасы бар.

Баткенде жылына 120 миң тонна кургатылбаган, 30 миң тонна кургатылган өрүк өндүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×