Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Нарын облусуЖумгал району 08.04.2019 10:05 На русском

Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу кызматынан кетти (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Таалай Күчмуратов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Каныбек Насыбалы уулу ээлеген кызматынан өзү жазган арыздын негизинде кетти. Ага байланыштуу айыл өкмөт башчылыгына талапкерлерди каттоо башталды. Арыздар 16-апрелге чейин кабыл алынат. Шайлоо 24-апрелде болот.

«Айылдык кеңештин депутаттары Кайрат Качкынбаевди айыл өкмөт башчылыгына көрсөтүп жатабыз. Ал учурда айылдык кеңештин депутаты болуп иштейт. Шайлоого чейин айыл өкмөт башчысынын милдетин аппараттын жооптуу катчысы аткарып турат», - деди Т.Күчмуратов.

Каныбек Насыбалы уулу кызматка 2017-жылдын 30-январь күнү шайлоонун негизинде келген. Ал 1980-жылы Байзак айылында туулган. И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 2002-2003-жылдары армияда кызмат өтөп келген.

Эмгек жолун 2004-2008 жылдары Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Байрак айылындагы А.Акаев мектебинде мугалим болуп баштаган. 2008-2011-жылдары Бишкек шаарындагы №81 орто мектебинде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, мугалим болуп иштеген. Ошондой эле Ж.Баласагын атындагы улуттук университетте кыргыз тилчи мугалим жана ЮСАИД уюмунун эксперти болуп иштеген. 2011-2017-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумгал району боюнча өкүлү болгон.

Үй-бүлөлүү 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×