Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Баткен облусу, Баткен 09.04.2019 19:02 На русском

Баткенде эмдөөдөн кийин 10дон ашык окуучунун абалы начарлап, ооруканага түштү. Видео

Turmush -  Бүгүн, 9-апрелде саат 16:00 чамасында Баткен шаарында №3 орто мектептин окуучулары эмдөөдөн кийин ооруканага түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 5-класстын окуучуларына АДСМ вакцина (дифтерия жана селейме оорусуна каршы дары) берилген. Андан кийин эмделген балдардын 10дон ашыгынын башы ооруп, кускусу келип, титиреп, Баткен облустук бириккен ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген. Алардын ичинен 2 окуучу жандандыруу бөлүмүнө, 4 окуучу балдар бөлүмүнө жаткырылды. Дагы 9 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жатат.

Ата-энелер окуя жөнүндө балдары ооруканага келгенден кийин билишкенин айтышты. Азыркы тапта облустук ооруканада балдардын ата-энелери, Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Нурлан Орозалиев да жүрөт. Алар балдардын мындай абалынын себептерин тактап жатышат.

№3 мектептин директору Ильва Сатыбалдиеванын айтымында, аларда жалпы 5-класстан 3 класс окуучу бар. Жалпы 5-класстагылардын саны 75 окуучу. Бүгүн түшкөн чейин 46 окуучуга, түштөн кийин 27 окуучуга эмдөө жүргүзүлгөн. Алардын ичинен 13 окуучу ооруканага түштү.

Андан кийин 9-апрель күнү кечке маал ооруканага түшкөн окуучулардын абалы канааттандырарлык экендиги белгилүү болду. Окуучулардын бирөөсү гана ооруканада. Калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×