Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Баракелде, Бишкек 10.04.2019 12:50

Barakelde.org — кыргыз тилиндеги маалыматтардын булагы

Turmush -  Март айынан тарта barakelde.org дареги жаңы сайт катары ар тараптуу маалыматтардын санын көбөйтүп, кыргыз тилдүү окурмандарга Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жаңылыктарды жеткирүүнү күчтөндүрдү. Муну менен АКИpress агенттиги биринчилерден болуп жарыялап келген жаңылыктар, маалыматтар толугу менен эми кыргыз тилинде дагы таратылат.

Баракелде

«Баракелде» — ар тараптуу, объективдүү, ыкчам, калыс жана так маалыматтардын булагы.

Barakelde.org — коом, экономика, саясат, спорт, маданият, эл аралык байланыш, кадрдык өзгөрүүлөр, ар кандай чукул кырдаалдар, кылмыш жана кырсыктар тууралуу маалыматтарды, ошондой эле АКИpress'теги башка чоң долбоорлор менен бирдикте Кыргызстандын бардык аймактарындагы жаңылыктарды, билим жана илим темасын, Борбор Азиядагы жана дүйнөлүк маалыматтарды, аны менен катар окурмандардын ой-пикирин, элдик мурасты жарыялайт.

Google Analytics жүргүзгөн эсеп боюнча (башка эсептегичтер дагы пайдаланылат, негизгиси — Google Analytics) күн сайын 500дөн ашык маалымат жарыяланган АКИpress агенттигинин сайттарына 2018-жылы 20 миллиондон ашык окурман кирген. Ал эми 2017-жылы бул көрсөткүч 15 млн болчу.

2018-жылы сайттардагы баракчаларды караган окурмандар 263 миллионго жетти. 2017-жылдагы көрсөткүч 233 миллион болгон.

Жарнамага байланыштуу суроолор боюнча байланыш номур: +996(312)65-03-03.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×