Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусу, Баткен 10.04.2019 13:15 Жаңыланды: 10.04.2019 18:37

Мекендештер: Түштүк Кореядан сүйүктүүсүн тапкан Айдайдын кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 27 жаштагы Айдай Шакирова. Ал Баткен облусунун Баткен шаарында туулган. Учурда жолдошу менен Түштүк Кореянын Чонджу шаарында жашайт.

А.Шакирова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, алгач ал Кореядагы адамдардын бири-бирине болгон мамилелерине таң калган.

«Мен жаңы келгенде унаа тетиктерин чыгарган «Хундай Мобис» фирмасында иштеп калдым. Мени таң калтырганы ишканада мен жетекчимин, сен төмөн турасың деген түшүнүк жок экен. Директору деле катардагы кызматкерлер менен жарышып иштеп, чогуу тамактанып отурушканы мага абдан жакты. Кореяга келгенде корей тилин билчү эмесмин, бирок кытай тилин билгеним үчүн көнүп кетүүмө оңой болду.

Жаңы келгенде дем алыш күндөрү курбум экөөбүз Сеулга эс алууга барып, кайра үйгө кайтарда бир тамгадан адашып, такыр башка шаарга барчу автобуска түшүп алыптырбыз. Ошентип кайра Сеулга келип, үйгө баралы десек кеч болуп кеткендиктен автобекетте отурдук. Анан ошол учурда мекендешибизге жолугуп калып, ал бизди жеткирип барган эле. Ушул окуя такыр эсимден кетпейт», - дейт ал.

Айдай Шакирова Түштүк Кореяда иштеп жүрүп, сүйүктүүсүн жолуктурган.

«Бул жерде иштеп жүрүп, болочок жолдошумду жолуктурдум. Экөөбүз социалдык тармак аркылуу таанышканбыз. Кийин мүнөздөрүбүз туура келип, бири-бирибизди жактырып калдык. Ал мага сүйүүсүн Сувон шаарындагы Хвасон сарайында арнаган. Бул жерде кечинде аябай кооз болот, ал мени аба шарына алып чыгып, жерден 50-70 метр бийиктикке көтөрүлгөндө сүйүүсүн билдирген. Андан кийин алтын чынжырча менен кучак толо гүл белек кылган. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин шакек менен роза гүлүн тартуулап, колумду сураган. Өзү романтиканы жакшы көрөт. Ал башка шаарда иштечү, жолдун 2-3 сааттык алыстыгына карабай күн сайын келчү. Ошентип экөөбүз 2017-жылы үй-бүлө курдук. Учурда бир кызыбыз бар. Ал азыр деле күтүүсүздөн гүл белек кылып, ыр саптарын жазып, көңүлүмдү көтөрүп турат. Жолдошум боорукер, түшүнүктүү жана жөнөкөй инсан. Экөөбүз саякатка көп чыгабыз, Кореянын бардык шаарларын көрүп чыктык.

Өзүм Кыргызстандын түштүгүнөн, жолдошум түндүгүнөн болгондуктан үй-бүлө курганга чейин каада-салт, диалект жагынан кыйынчылыктар болот го деп ойлогом. Бирок андай болгон жок. Эми Кыргызстанга барып, бир туугандарыбыз, жакындарыбыз менен бирге үлпөт тоюбузду өткөрсөк дейбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×