Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Чүй облусуАламүдүн району 15.04.2019 11:50 На русском

Сууга чөккөн жаш бала, боздогон эне, суу жээктен кетпеген ата: Ата-энеси издөө иштерине жардам сурап жатат. Видео

Turmush -  11-апрелде Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 5 жаштагы Барсбек аттуу баланы издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ӨКМден билдиришти.

село Константиновка Аламединского района

Маалыматка караганда, издөө иштерин улантуу максатында жалпы 99 куткаруучу тартылды. Алар Константиновка айылынан Камышановка айылына чейин (Ат-Башы каналы жана Чу дарыясында) сууну карап жатышат. Издөө иштеринде Аламүдүн жана Сокулук райондорунун аймактары да камтылат.

Социалдык тармактын колдонуучусу Валерия Садыгалиева баланы издөөгө көмөк сурап кайрылуу жасады.

«ӨКМ жана кайдыгер эмес адамдар издөөгө жардам берип жатат. Суу абдан муздак болгондуктан адам ашып кетсе 10 мүнөт гана жүрө алат. Баланы табууга адамдар жетишпей жатат. Атасы күнү-түнү суу жээгинде жүрөт. Баланын апасы 7 айлык кош бойлуу, абалы оор.

Азыркы учурда казакстандык чек арачылар менен көйгөй болуп жатат. Алар чек ара аймагында издөө иштерин жүргүзүүгө уруксат бербей жатышат. Өзүңүздөрдүн байланышыңыздар болсо жардам бериңиздер. Бизге кайдыгер эмес адамдар керек», - деп айтылат кайрылууда.

Баланын туугандарынын айтымында, ал үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон.

«Ошол күнү бала бакчадан келип эле, эшикке чыгып ойноп кетиптир. Ал чоң ата, чоң энеси менен аталган жерде чогуу жашайт. Ал эми өзүнүн ата-энеси Бишкек шаарында турушат. Апасынын 7 айлык боюнда бар. Элден суранабыз, балабыздын табылышына жардам кылыңыздар» - деди алар.

Айыл тургундарынын айтымында, ата-эне уулун издеп, күнү-түнү суунун жээгинде жүрүшөт. Апасы Назиранын 7 айлык боюнда бар.

«Баланын атасы Төрөбек Алиев күнү-түнү менен суунун жээгинде баланы издеп жүрөт. Ал эми апасы 7 айлык боюнда бар экен. Ал аябай оор абалда. Аны бир нече жолу төрөт үйүнө алып барышты. Аны төрөт үйүнө азырынча кабыл алышпайт экен. Психиатриялык клиникага алып баргыла дешти. Ал жактан да эч кандай жардам бере алышпайт экен. Апасы ошол күндөн бери эч нерсе жебей, уктабай, эч ким менен сүйлөшпөй жатат», - деди айылдаштары.

Ошондой эле баланын апасы Назира айым да кайрылуу жасаган видео жарыяланды. Ал баласы 11-апрелде саат 17:00 чамасында жоголуп кеткендигин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×