Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Баракелде, Бишкек 18.04.2019 10:40

Шашылыш билдирүү: 18-19-20-апрелде жамгыр жаап, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Turmush -  18-апрелден 19-апрелге чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 223-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

18-апрель күнү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын болжолу

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

19-20-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×