Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 22.04.2019 08:11

Оштогу бизнес форумга чет өлкөлөрдөн 150дөн ашуун компаниянын өкүлдөрү келди

Turmush -  Ош шаарында «Улуу Жибек жолундагы Ош шаары» бизнес форуму ийгиликтүү өттү. Бул саамалык «Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2019» эл аралык долбоорунун алкагында уюштурулган.

Ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Касеинов Дуйсен, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр, жергиликтүү ишкерлер, туристтик компаниялар катышты, деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Бизнес форумда турзимди өнүктүрүү, ошондой эле кышкы туризмди өнүктүрүүнү колго алуу, бул багытта активдүү аракеттерди көрүү маселелери айтылып, чет мамлекеттен келишкен өкүлдөр өз мамлекеттериндеги туризм тармагынын өнүгүшү тууралуу маалымат беришти. Форумда туризм тармагындагы ТҮРКСОЙ уюмуна кирген мамлекеттер аралык кызматташтык, Ош облусуна инвестиция тартуу маселелери да айтылды.

Иш-чарага 150дөн ашуун компания катышып, жыйынтыгында Ош облусунда жана Ош шаарында 2019-2023-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук программаны кабыл алуу туурасында сунуштар жана иш-чаралардын планын түзүү тууралуу айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үчүн «Ош шаарынын жана Ош облусунун туристтик потенциалы сүрөттөрдө» аттуу сүрөт жана декоративдик-кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду.
Көргөзмөдө сүрөттөр жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары: аялдар жана эркектер үчүн калпактар, кийим-кечелер, кийиз, шырдак ж.б. коюлган.

Бизнес форумдун соңунда туризмди колдоонун таасирдүү куралдары жана бул секторду өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча резолюция кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×