Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.04.2019 10:52 На русском

Базар-Коргондун Акман айылында 3 күн мурда жоголгон 5 жаштагы баланы жүздөгөн адамдар издеп жатышат. Видео

Turmush -  19-апрелде саат 17:00 чамасында Базар-Коргон районунун Акман айылында жоголгон 5 жаштагы Эдилбек табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 40 куткаруучу, ИИМден 28 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам (жалпы 133 адам) тартылды. Кеч киргендигине жана натыйжа болбогондуктан саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Баланы издөө аракеттери бүгүн дагы улантылат.

Ал эми ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Матназаров Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, баланы издөө 3 күндөн бери уланууда.

Маалым болгондой, издөөгө Ош облусунан 7 суучул, ӨКМден 22 куткаруучу, РИИБден 24 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 киши тартылды. Ошондой эле, ӨКМдин Ош шаарындагы издөө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу суучулдар болуп жалпы 80ден ашык адам издеп жатышат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Эдилбек өзүнүн үйүнүн алдында шайтан араба тээп жүрүп жоголуп кеткендиги кабарланган. Баланын жоголгону боюнча айыл аймактын башчысы тарабынан ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнө кабар түшкөн. Эдилбек жашаган үй Жаңы-Акман айылындагы каналдын жанында жайгашкандыктан ал сууга түшүп кетиши мүмкүн делип, аны каналдан издөө иштерин жүргүзүп башташкан.

20-апрелде издөө иштеринде анын шайтан арабасы өз үйүнөн 150 метрдей жогору тараптан табылган. Учурда издөө иштерине Ош облусунан 7 суучул келип, жардам көрсөтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×