Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 22.04.2019 12:00

Кадамжайдын А.Орозбеков айыл өкмөтүндө 550 миң сомго жаңы көпүрө курулду

Turmush -  20-апрелде Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн Кара-Кечүү айылында 550 миң сомго жаңы көпүрө курулду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басары Элмира Аскарова билдирди.

Маалыматка караганда, бул көпүрөнү 2016-жылы сел алып кеткен болчу. Жаңы көпүрө Кара-Кечүү участкасында негизги жол менен айылга кирүүчү жерди байланыштырат. Анын курулушуна фонддордун бири 400 миң сом, айыл өкмөт 100 сом бөлүп, эл тарабынан 50 миң сом акча топтолгон. Курулуш иштеринде айыл өкмөттүн өзүнүн техникалары иштетилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×