Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 22.04.2019 13:15 Жаңыланды: 22.04.2019 18:06 На русском

Сүрөт — Ысык-Көлдө кош бойлуу аялдар кандай шартта төрөшөт?

Turmush -  Каракол шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайлардын саны өсүп жатат.

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин маалыматына караганда, 2016-жылдан бери облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө эне жана баланын өлүмү каттала элек.

«Облус боюнча жыл сайын 10 миңдей ымыркай төрөлөт, алардын жарымы облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө жарык дүйнөгө келет. 2018-жылы төрөт үйүндө 4300 бала төрөлгөн. 2017-жылы бул көрсөткүч 200гө төмөндөгөн. Облустук төрөт бөлүмү 100 орундуу», - деп билдирди ал.

Анын айтымында, төрөт үйүнүн шартын жакшыртуу максатында медициналык техникалар алынган.

«Өз учурунда медициналык жардам көрсөтүү максатында биздин медициналык кызматкерлер Үрүмчү, Швейцариядагы төрөт үйүнүн ресурстук борбору менен байланыша алышат. Мындан тышкары, бизде санавиация бар, ал аркылуу оор абалдагы бейтаптар Бишкек шаарына жөнөтүлөт. Кош бойлуу аялдар төрөткө даярданышы үчүн атайын жуунучу бөлмөлөр бар», - деп кошумчалады ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө кош бойлуу аялдардын өз убагында каттоого турбаганы эненин жана баланын ден соолугунун начарлашына алып келүүдө.

«Тилекке каршы биздин аялдар кош бойлуу учурга өзгөчө маани беришпейт. Буттары жана колдору шишип кеткенин эске албай, УЗИ текшерүүдөн өтүшпөйт. Кээде каттоого дагы турушпайт. Ошондой эле, керектүү витаминдерди ичип, өзүнүн жана баласынын организмине кам көрбөйт. Биз мүмкүнчүлүккө жараша аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз», - деди башкы дарыгер Токтобай Маанаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×